Кирүү Катталуу

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Жыл жыйынтыгы чыгарылды
Жыл жыйынтыгы чыгарылды
Жыл жыйынтыгы чыгарылды
Жыл жыйынтыгы чыгарылды
Жыл жыйынтыгы чыгарылды
Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Базар-Коргон районунун 2020-жылдагы жалпы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылды. Кечээ 22-январь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын жыйыны өтүп, анда “2020-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы  жана  2021-жылга  милдеттер  жөнүндө” маселе каралды.

Коллегиянын жыйынын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Бакыт Козуев алып барып, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызакбеков, “Жалал-Абад-Балыкчы” автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Камил Абдыкалыков, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун  башкы директору Дурусбек Рахманов, Жалал-Абад бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Таалайбек Абдувалиев катышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча район жетекчисинин биринчи орун басары Нургазы Нармырзаев доклад жасап, өткөн жылдагы район аймагындагы аткарылган иштер, жаратылган ийгиликтер жана келин чыккан көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду. Ошондой эле жыл ичинде жакшы иштери менен көрүнгөн бир катар эмгек жамааттарына, жетекчилерге, айыл аймактарына сыйлыктар ыйгарылды.

Эң башкысы, быйылкы жылда ишти жакшыртуу жана алдыдагы милдеттерди толук кандуу ишке ашыруу боюнча кеп козголду. 

3 года назад