Кирүү Катталуу

Жалпы географиялык абалы

Базар-Коргон району – Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы административдик-аймактык бирдик. Админстративдик борбору – Базар-Коргон айылы.

Район областтын борбору Жалал-Абад шаарынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Фергана өрөөнүн түндүк тарабында орун алып, Өзбекстандын Республикасынын Анжиян областы менен чектешип турат.

Област борборуна чейинки аралык    - 35 чакырым.

Аэропортко чейинки аралык                 - 35 чакырым.

Темир жолго чейинки аралык               - 35 чакырым.

Жалпы аянты                                             - 202,1 миң гектар.

Батыш тарабынан Ноокен району, түштүк жана түштүк чыгыш тарабында Сузак району,  түндүк тарабында Токтогул району менен чектешет.

Жалпы жер шарынын 41°01′41″ с. ш. 72°44′37″ в. д.HGЯO алкагында турат.

Сааттык (убакыт) алкагы - UTC+6

 

Климаты

 

Базар-Коргон району түштүк региондо жайгашкандыгына байланыштуу климаты өтө суук эмес, бирок тоо зооналарында кар көп түшкөндүктөн, кар көчкүлөрү пайда болот. Жай мезгили кургакчыл келет. Тоо этектерин жаңгактуу жана кызыл карагайлуу дарактар, арчалар ээлейт. 

Районду климаты кургакчыл, кардын орточо жылдык түшкөн көлөмү 200-250 миллиметрди түзөт.

 

Административдик-аймактык бирдиктери

 

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы – райондогу аткаруу бийлиги. Дареги: Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон айылы, Б. Осмонов көчөсү, 126.

 

Райондо 9 айыл аймактары бар:

1.Акман айыл аймагы – борбору Жаңы-Акман айылы.

2.Арстанбап айыл аймагы – борбору Арстанбап айылы.

3.Базар-Коргон айыл аймагы – борбору Базар-Коргон айылы.

4.Бешик-Жон айыл аймагы – борбору Бешик-Жон айылы.

5.Кеңеш айыл аймагы – борбору Кеңеш айылы.

6.Кызыл-Үңкүр айыл аймагы – борбору Кызыл-Үңкүр айылы.

7.Могол айыл аймагы – борбору Ооган-Талаа айылы.

8.Сейдикум айыл аймагы – борбору Сейдикум айылы.

9.Талдуу-Булак айыл аймагы – борбору Каба айылы.

 

3 года назад