Кирүү Катталуу

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

 

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

 

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

 

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

 

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

-         жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-         Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

-         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамы;

-          “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары.

-         “Билим берүү жөнүндө”;

-         “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;

-         “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.

-         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө

-         ” № 120 токтому;

-         Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын              28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө” №233 токтому.

- Билгичтиги:

-                     маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-                     аналитикалык документтерди даярдоо;

-                     тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-                     кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-                     иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-                     эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

-                     ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-                     ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-                     башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-                     компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

-                     электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

-                     издөө системаларын колдонуу;

-                      ар кандай браузерлер менен иштөө;

-                     презентацияларды уюштуруу;

-                      таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

-                     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

-                     кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

-                     оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:


1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим - Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

-         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;

-          “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”.

-         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-          “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары.

-         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”;

-         “Билим берүү жөнүндө”;

-         “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”;

-         “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.

- Билгичтиги:

-                     маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-                     аналитикалык документтерди даярдоо;

-                     тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-                     кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-                     иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-                     эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

-                     ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-                     ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-                     башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-                     компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

-                     электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

-                     издөө системаларын колдонуу;

-                      ар кандай браузерлер менен иштөө;

-                     презентацияларды уюштуруу;

-                      таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

-                     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

-                     кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

-                     оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:


– өздүк арыз;
– өздүк таржымал(соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– резюме сүрөтү жана электрондук почтаны көрсөтүү менен;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Арыз берүүнүн  мөөнөтү 2022-жылдын 10-августан баштап 20-августка чейин.

 

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170.  (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10.

 

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

1 год назад