Кирүү Катталуу

ЖОН АЙЫЛЫНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ КУРУЛУП ЖАТАТ

ЖОН АЙЫЛЫНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ КУРУЛУП ЖАТАТ
ЖОН АЙЫЛЫНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ КУРУЛУП ЖАТАТ
ЖОН АЙЫЛЫНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ КУРУЛУП ЖАТАТ
ЖОН АЙЫЛЫНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ КУРУЛУП ЖАТАТ

Быйылкы жыл Базар-Коргон району үчүн жемиштүү жылдардан болот, буюрса. Бир катар айылдарда балдар бакчалары курулуп жатат. Алардын бири - Бешик-Жон айыл аймагындагы Жон айылында. Бул жерде 30 орундуу балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатканы ого бетер кубанычтуу. Себеби айыл аймагы өз зарылдыгын өзүнүн каражаты менен чечүүгө киришкен.
Азыркы кезде балдар бакчасынын курулушун “”Прогресс курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат. Курулуш иштери 2019-жылы 14-августта башталган. Быйылкы жылы аны бүткөрүп, пайдаланууга берүү аракеттери жүрүүдө.
Бул курулуш объектисинин жалпы сметалык наркы 5 миллион 814,220 миң сом турат. Буга чейин ар кайсы курулуш иштери үчүн бир нече жолу тендерлер өткөрүлүп, аны тездетүү аракеттери болууда.
Буюрса айылдагы жаш балдар заманбап курулган ыңгайлуу, таза, жарык балдар бакчасында тарбияланып, ата-энелерге жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралат.

3 года назад