Кирүү Катталуу

ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
6-июль күнү Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарындагы #68 Г.Абдурахманов көчөсүндө жайгашкан маданият үйүнүн экинчи кабатында Жаштар борбору ачылды. 2020-жылдын 25-ноябрында БУУ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Базар-Коргон мэриясынын ортосунда кызматташтыктын үч тараптуу келишимине кол коюлган. Бул кызматташтыктын максаты-жаштар саясатын ишке ашыруу, жергиликтүү жаматтын туруктуулугун чындоо жана регионалдык кызматташтыкты күчөтүү, күч колдонулган экстремизмдин алдын алуу, өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү. Жаштардын саясатын өнүктүрүү максатында Япониянын Өкмөтү каржылаган БУУнун "Борбор Азиядагы зомбулук экстремизмдин алдын алуу үчүн жамааттардын туруктуулугун жана аймактык кызматташтыкты чындоо" долбоорунун алкагында жаштар борборуна кеңсе эмеректер, шаймандар жана жабдуулар алынды.
Жаштар борборунда түзүлгөн жагымдуу шарттар, мүмкүнчүлүктөр жаштардын өз дараметтерин, демилгелерин, өз шаарынын өнүгүшүнө пайдаланууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Бул борбор жаштар менен дагы да тыгыз иштешүүгө, алардын жергиликтүү деңгээлде туруктуу жана бейпил өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт.
Жаштар борборунун ачылуу аземине Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Дж.Сатыбалдиев, КРӨ Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкери У.Исмаилов, БУУнун өнүгүү программасынын жетекчиси Э.Уразбаева, КРӨ караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик Агенттиктин директорунун орун басары С.Надырбеков, Япония мамлекетинин Элчилигинин өкүлү А.Букалаевдер соз суйлоп, жаштарга ийгиликтерди каалашты. Салтанаттуу ачылуу аземинде жаштарга чакан концерттик программа уюштурулуп, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик Агенттиктин директорунун орун басары менен жаштар маек курушту.
2 года назад