Кирүү Катталуу

ЖАШООБУЗДА ЖАКШЫЛЫКТАР КӨП БОЛСУН!

b68524f3-8373-3b35-84d6-9329a843e4dc

Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары!

Урматтуу бардык кыргызстандык мекендештер!

 

Жер жүзүнө, анын ичинде биздин куттуу аймагыбызга да Жараткандын пендесине берген улуу күндөрүнүн бири - Курман айт кирип келди.

Жалпыңыздарды Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жана өзүмдүн үй-бүлөмдүн атынан ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын ыкластан куттуктаймын!

Курман айт майрамы – ар бир мусулмандын жан дүйнөсүн тазартып ыйманга, сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ынтымакка үндөгөн улуу баалулук экени талашсыз. Ал биздин жандүйнөбүздү, ыйманыбызды тазартып, кечээки бизге чейин өмүр сүрүп, биздин бактылуу жашообузга өз эмгегин сиңирген, аракетин жасаган ата-бабаларыбызды, жашоонун улуу көчүн, эстафетасын бизге узаткандарды эскерүү, алдыда алардын ар бир жасаган ишине татыктуу болууга умтулуунун булагы эсептелет.

Тилкке каршы, быйылкы таажы вирусунун жайылышынан улам келип чыккан кырдаал улуу майрамды өз эрежеси, өз салты менен өткөрүүгө мүкүндүк бербеди. Биз жакшы иш-чараларды уюштуруп, көпчүлүк менен кенен-кесири майрамдай албадык. Бирок, ар бирибиз өз үй-бүлөбүздө, өз ыйманыбызда жана жандүйнөбүздө бизге ушунчалык ырыскыларды тартуулаган Жаратканга алкоолорду айтып, алдыдагы жашоого жакшылыктарды тилейбиз. Ар кандай сыноолорго биз сабырдуулугубуз менен жооп беребиз.

Урматтуу агайын-туугандар!

Дагы бир жолу баарыңыздарды улуу майрам менен куттуктап, сиздерге чың ден соолукту, узак жана өтөлгөлүү өмүрдү, үй-бүлөлүк бакытты, барчылыкты жана бейпилдикти каалаймын.

Дайыма үйүбүздө, жамаатыбызда, өлкөбүздө тынчтык болсун! Жакшылыктар болсун! Кандай кырдаал болбосун ынтымакта жана сабырдуулукта бирге бололу. Ылайым Жаратканыбыз ар бирибиздин ой-максаттарыбызды кабыл кылсын! Кыргызстаныбызда бейпил жашоо улана берсин!

Бар болуңуздар!

 

Бакыт КОЗУЕВ,

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.

 

3 года назад