Кирүү Катталуу

ТЫГЫЗ КАРЫМ-КАТНАШТЫН МҮМКҮНДҮГҮ ТҮЗҮЛДҮ

DSC_0990

 

Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары!

 

Жергиликтүү бийликтер дайыма эл менен тыгыз байланышта иштеп, алардын мүдөөлөрүн аткаруу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында иш алып барууга тийиш. Ушул максатта жергиликтүү бийликтердин иш процесси ачык-айкын болуусу керек, анткени жергиликтүү калк баарын көрүп, билип, өз баасын берип турушу абзел. Деген менен, бийликтердин бардык аракети калктын жакшы жашоосун камсыз кылуу үчүн багытталат.

Ушул жакшы ниетте биз Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын интернеттеги атайын расмий веб-сайтын түздүк жана ишке киргиздик. Бул район тарыхындагы дагы бир жаңылык, жакшы жөрөлгө эсептелет. Эми биздин алдыга койгон максаттарыбыз, ал максаттарды ишке ашыруудагы аракеттерибиз, иштеги ийгиликтер жана көйгөйлөр, биз кабыл алып жаткан чечимдер, жарыялаган тендерлер, аймагыбыз тууралуу ар кандай маалыматтар сиздер үчүн ачык болот. Сиздер баарын ачык-айкын көрүп, баалап, кеп-кеңештериңиздерди берип турасыздар, себеби жашоону жакшыртуу жалпылап колго алганыбызда гана ишке ашат. Бул жагын унутпайлы.

Сиздер биздин ушул сайтыбызга кирип, райондун акимине да жүрөк өйүткөн суроолорду ачык бере аласыздар. Биз ар бир суроого так жана толук кандуу жооп берүүгө аракет кылабыз. Ар кандай суроо-талаптарды кабыл алып, аны аткаруу милдетин моюнга алабыз. Анткени  мамлекеттик органдар, бийлик эл үчүн иштейт.

Андан тышкары, Фейсбук социалдык тармагындагы “Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы” жеке баракчасында, “Базар-Коргон жергеси” аттуу расмий баракчада жергиликтүү райондук бийликтин жасап жаткан иштери кеңири чагылдырылып турат. Ал баракчаларга катталып, биз менен дайымкы байланышта болууга, пикирлерди жазып калтырууга кеңири мүмкүнчүлүк бар.

Урматтуу районубуздун тургундары! Биздин www.bazar-korgon.kg сайтыбызга куш келипсиздер! Дайыма чогуу бололу, районду чогуу өнүктүрүп, жашообузду жакшырталы!

 

 

Б. КОЗУЕВ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик

администрация башчысы-аким.                                                 

 

 

3 года назад