Кирүү Катталуу

СУРОО БЕРДИҢИЗ – ЖООП БЕРЕБИЗ №5

DSC_0981

Биздин сайтка атайын суроо жазып, районубуздун өзүн тааныштырбаган, дарегин жазбаган бир тургуну Абдраимов айылындагы кыш заводу тууралуу маселе козгогон. Айылдын ПМК көчөсүндө, эл арасында килтейген кыш заводу 5 жылдан бери иштеп жатат. Эл администрацияга кайрылган, бирок жыйынтык жок. Эмне үчүн ал заводду курганга,  иштөөсүнө уруксат бердиңиздер? – деген суроо таштаган.

Чынында айрым айылдарда, анын ичинде Абдраимов айылында да ушундай чырлуу маселе бар. Кезегинде айылдык бийликтер ушундай чечим кабыл алышкан экен, эми көйгөй жаралууда.

Мыйзам боюнча жергиликтүү (айылдык) бийлик өндүрүштүк объектилерди курууга уруксат берүү, жер бөлүп берүү маселесин караганда мыйзамдуулукту так сактоолору тийиш эле. Ал эми мыйзамдарда өндүрүштүк объект турак жайлардан канча алыстыкта болушу, экологиялык-санитардык зона кандай болушу, элдик талкууга салынышы, дагы кандай санитардык нормалар сакталышы толук каралган. Мындан 5 жыл мурун айыл өкмөтү, башка да мамлекеттик органдар ушул жагын карашы керек болчу.

Эми бул маселеге чекитти сот гана коё алат жана чыр-чатак 2 жылдан бери сот тарабынан каралууда. Ал эми райондук мамлекеттик администрация айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимди бир тараптуу эле өз алдынча жокко чыгара албайт.

3 года назад