Кирүү Катталуу

СУРОО БЕРДИҢИЗ - ЖООП БЕРЕБИЗ №4

DSC_0981

Атын атабаган бир жаран 1-май айылынын жаштарынын атынан жазып, элге жардам кылуу иретинде айылдагы мектептен күндүзгү стационар үчүн орун берүүнү сураптыр. Керектүү жабдык, дарыларды эл өзү камсыз кыла аларын да кошо кеткен.

Албетте, элди, бизди колдоп жатканыныздар үчүн район жетекчиси катары чоң ыраазычылык билдирем. Макул биз айыл өкмөтү менен бул тууралуу акылдашабыз. Бирок азыркы учурда Кеңеш айылындагы №11 орто мектепте бардык шарты менен күндүзгү стационар бар. Жардам алгысы келгендер азырынча ошол жерге барып турушса.болор эле. Азыр бизде врачтар жана медайымдар абдан тартыш болуп жатат. Ал эми эгерде Кеңеш айылынжагы күндүзгү стационарга адам батпай баратса (ылайым андай болбой эле койсун), анда айылга да стационар уюштуралы.

 

*       *       *

 

Арстанбап айылынын тургуну Рамизбек уулу Авазбек кайрылган. Турбазадагы эки дискотекадан жаңырган үн жакын арада жайгашкан мааленин жашоочуларынын тынчын алып жатканына даттанган. Мурдагы 2019-жылы айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылышкан экен, бирок быйыл дискотека кечки саат 22.30га чейин кайра эле элдин тынчын алып жатыптыр. Ушуга жардам берүүнү сураган.

Урматтуу Рамизбек уулу Авазбек, Арстанбап айылындагы турбазанын дискотекасы боюнча ошол жердеги турбаза директоруна айтабыз, катуу тапшырма беребиз. Сиз айылдык милиция бөлүмчөсүнө арыз менен кайрылыңыз. Буюрса, бул маселе чечилет, элдин тынчтыгы камсыз кылынышы керек.

 

*       *       *

Учурда башкай аймакта жүргөн Шаикова Бактыкан суроо менен кайрылган. Анын апасы Шаикова Рабия 1944-жылы төрөлгөн, 12ни төрөгөн, бирок эч ким эстебейт, үйүндө майып баласын карап отурат. Айыл бийликтери жакшылыктуу жардам беришпейт. Ошондуктан Баатыр Энелердин тизмесин тактоону, Соцфонд аркылуу жардам берүүнү суранган.

Урматтуу Шаикова Бактыкан! Баатыр эненин документтери менен бизге ким-бирөө келсе, биз баарын тактайлы жана тийиштүү жардамды берели. Эгер энебиз наам ала элек болсо, анда документ даярдаганга жардам берели. Албетте, энелерибиз сый-урматка татыктуу, аларга баарыбыз кам көрүшүбүз керек. 

3 года назад