Кирүү Катталуу

СУРОО БЕРДИҢИЗ - ЖООП БЕРЕБИЗ №3

DSC_0981

Урматтуу районубуздун тургундары!

Райондук мамлекеттик администрациянын www.bazar-korgon.kg веб-сайты аркылуу райондун жетекчисине суроолор менен кайрылуулар болуп жатат. Төмөндө биз келип түшкөн суроолорго жоопторду жарыялайбыз. 

 

*        *        *

СУРОО: - Район акимине Базар-Коргон айыл аймагындагы Кара-Үңкүр көчөсүнүн тургундарынан ошол аймактагы бир көчөгө таза суу берилбей калганы тууралуу кабар түшүп, таза суу менен камсыз кылуу жагын суранышкан.

 

ЖООП: - Бул боюнча райондук мамлекеттик администрация Базар-Коргон айыл аймагынын “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасына суроо-талап менен карылды. Бул кызматтын жетекчиси Х. Хусанбаев чындыгында эле ал аймактагы беш-алты үй таза суу системасына уланбай калганын билдирди. Бул кемчиликти жоюу боюнча аракеттер жасалып, июль-август айларында таза суу менен камсыз кылуу аягына чыгарылат. Буюрса, таза сууга жетпеген үйлөргө суу берилет.

*       *       *

СУРОО: - Район акимине сайт аркылуу Жээнбаева Жазгүл кайрылып, Акман айыл аймагында жашаган, эмгек ардагери, оорулуу Жээнбаев Исмаилден эч ким кабар албай жатканын, ага ар тараптуу жардам керектигин билдирген.

 

ЖООП: - Бул боюнча Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына суроо-талап жолдонгон. Натыйжада, Жээнбаев Исмаилге COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин убагында азык-түлүк жагынан жардам берилгени белгилүү болду. Андан тышкары, эгер ардагерге ден соолугун чыңдоо үчүн путевкага,  ошондой эле  коляскага муктаждык болсо, жазуу жүзүндө кайрылса, жардам бериле тургандыгын билдиришти. Ошондой эле 1-октябрда белгиленүүчү карылар күнүндөгү жана 3-декабрда белгиленүүчү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүндөгү майрамдык иш-чараларда эске алына турган болду.

 *       *       *

СУРОО: - Базар-Коргон районунун Шыдыр айылынын тургуну, Москва шаарында убактылуу жашап жаткан Шергазы Сагынов акимге кайрылып, Шыдыр айылына атайын түзүлгөн фонддор аркылуу балдар бакчасын, кичи спорт комплексин курууну көздөп жатышканын, аны үчүн жер тилкесин бөлүп берүү ишинде көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Биз ага тиешел жоопту бергенбиз, бирок ал жоопко канааттанбай кайра кайрылган. Биз анын суроолорун Кеңеш айыл өкмөтүнө жөнөтүп, кеңири жооп даярдоону тапшырганбыз. Төмөндө анын жообу.

 

ЖООП: - Кеңеш айыл өкмөтү жазып билдиргени боюнча, Шыдыр айылынын тургундарынын 2020-жылдын 15-февралындагы жыйынынын №1 протоколуна ылайык, мурдагы сатылып кеткен балдар бакчасынын 0,30 гектар жер аянты кайрадан балдар бакчасын курууга кайтарылып берилмекчи. Ошол эле балдар бакчасынын 0,15 гектар жер тилкесине Мажинов Сатар турак жай куруп алганына байланыштуу аны кайрадан балдар бакчасына кайтарып алуу максатында Базар-Коргон райондук сотунда 2020-жылдын 26-июнунда сот отуруму болуп өттү. Кийинки сот отуруму 2020-жылдын 6-июлуна коюлду. Ошол эле учурда 0,30 гектар жер аянтына балдар бакчасын куруу стандартка дал келгендиктен, бүгүнкү күндө ал жер аянтына мамлекеттик акт алуу иш-аракеттери жүрүп жатат.

Экинчи маселе, кичи спорт аянтчасын куруу боюнча айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан курулуш курууга жер тилкеси трансформацияланса, кичи спорт аянтчасын курууга жер тилкеси ажыратылып берилет. 

 

*       *       *

 

СУРОО: - Базар-Коргон айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылында (мал базардын тегерегиндеги айылда) таза суу маселесин чечип берүүнү сурап жазышкан. Айыл өкмөтүнө каттап чарчаганын белгилешкен. Ошондой эле Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасына нааразы болуу менен жарыктын тез-тез өчүп жатышы, анын себеби катары ремонт болуп жатканы тууралуу айтып келатканы, бирок ал чындыкка дал келбестиги жөнүндө жазышып, жардам берүүнү өтүнүшкөн.

ЖООП: - Таза суу маселеси боюнча “Базар-Коргон сууканал” ишканасынын маалыматы боюнча, Жаңы-Турмуш, Сай-Коргон (пахта заводунун орду, мал базардын айланасы, асфальт заводунун жака-бели) жана Ж. Асанов конуштары  планына киргизилген. Азыркы учурда долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалууда.

Ал эми жарыктын тез-тез өчүп калып жатканы боюнча, Базар-Коргон электр тармактар ишканасына талап коюлуп, электр кубатын үзгүлтүксүз берүү жагы тапшырылды. Пландуу оңдоп-түзөө иштеринен башка себептер менен жарык берүүнүн токтоп калышына жол берилбестиги айтылды.

 

*       *       *

СУРОО: - Карача айлынын тургундарынын атынан Абдураимов көчөсүнүн 51-үйүнүн жашоочусу Сыргатаева Савринса кайрылып, жылы бою жүк ташуучу автомашиналар айылда керектүү товарларды, продукцияларды сатышарын, бирок катуу сүйлөгүчтөрү аркылуу ар кандай ызы-чуу салган добуштарды чыгарып, элдин тынчын алып жатканын жазган. Ушул терс көрүнүштү тартипке салууну суранган.

ЖООП: - Бул боюнча райондун жетекчиси жеке өзү аракет жасап, эпидемиологиялык абал боюнча түзүлгөн райондук штабда ушундай терс көрүнүштөр болуп жатканын айыл өкмөттөрүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн, тийиштүү башка кызматтардын жетекчилеринин эсине салды. Ошондой эле ар кандай жүк машиналары үймө-үй кыдырып соода кылбастан, бир гана жайда туруп соода кылышы керектиги, бул санитардык талап боло тургандыгы айтылды. Муну айыл өкмөттөрдүн башчылары теске салуусу тапшырылды. Ошондой эле ички иштер бөлүмүнө айыл тынчтыгын сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилди. Андан сырткары, бул боюнча райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматына атайын расмий кат аркылуу тапшырма берилген. Эгер жакын арада бул боюнча айылдарда абал өзгөрбөсө, тийиштүү кызматтардын, жетекчилердин жоопкерчилиги каралат.

 

*       *       *

 

ЭСКЕРТҮҮ: Урматтуу районубуздун тургундары! Суроолорду жазуу менен өзүңүздөрдүн даректи (электрондук почтаны, телефон номерди), аты-жөнүңүздөрдү кошо калтырууну унутпаңыздар. 

3 года назад