Кирүү Катталуу

СУРОО БЕРДИҢИЗ - ЖООП БЕРЕБИЗ №2

DSC_0981

Урматтуу районубуздун тургундары!

Райондук мамлекеттик администрациянын www.bazar-korgon.kg веб-сайты аркылуу райондун жетекчисине суроолор менен кайрылуулар болуп жатат. Төмөндө биз келген суроолорго жоопторду жарыялайбыз. 

 

СУРОО: - Саламатсызбы урматтуу Бакыт Козуев. Мен Москвадан жазып жатам сизге. Мен Бешик-Жон айылынан болом. Биз Базар-Коргон коомун түптөп, жердештерге жардам көрсөтүп жүрөбүз бул жакта. Кыйналгандарга 700дөй адамга гумжардам бердик. Мүмкүнчүлүгуңөр болсо, телефон аркылуу байланышып, биз менен тыгыз иштесеңиздер. Урматым менен Бурулча Таңатаровна.

ЖООП: - Рахмат сизге, жердештериңизди сыйлап, колдоп жасап жаткан аракеттер абдан баалуу жана колдоого аларлык. Сиздер инсандар көп болсо, жакшообуз дагы да жакшыра берет. Ал эми райондун өнүгүшү жагынан дайыма иштешүүгө даярбыз. Бизде телефон аркылуу дайыма эле байланышуу мүмкүнчүлүгү боло бербейт, ошондуктан сиз ой-пикирлериңизди, идеяларыңызды электрондук дарек боюнча жөнөтсөңүз болот: b.kozuev_71@mail.ru. Ал эми райондук мамлекеттик администрациянын электрондук дареги: bazarkorgon.rga@mail.ru

 

*       *       *

 

СУРОО: - Саламатсызбы? Менин 2 суроом бар. 1. Райондун борборунда машина токтоочу (стоянка) жайлар жок, бирок мыйзамсыз стоянкалар көп жылдан бери иштетилип келет. Салык төлөнбөйт, документ талап кылсаң, акимге бар дешет. Мүрунку Акимдер тартипке келтире алган жок. Иштесе мейли, салык төлөнсүн, мыйзамдуу болсун. Сиз ушул ишти тартипке келтире аласызбы?

2. Жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксилер (жеңил аВтоунаалар) район боюнча 1000ге чамалуу, бирок бири да салык төлөбөйт. Таксилерди тартипке келтирсе, ай сайын айыл өкмөтүнүн бюджетине 300 000 сом, бир жылда 3 600 000 сом каражат кошумча жыйналмак. Сиз ушул иштерди тартипке сала аласызбы?

ЖООП: - Сиз абдан туура маселени көтөрүп жатасыз. Райондун борборунда алакандай жер калбаптыр, атайын унаа токтоочу жайларды уюштуруу кыйын мүшкүл болуп келатат. Ошондуктан да мурдагы жетекчилер муну чечүүдө кыйналышкан. Бирок, баары бир маселени чечиш керек, анын үстүндө ойлонуп, чечүүнүн варианттарын издеп жатабыз. Унаа тыгындары, башаламандыгы баарын тажатып бүттү. Ал эми токтоочу жайларды уюштурган соң, анын акысы сөзсүз алынат, бул турган кеп. Учурда жүргүнчү ташыган такислерден мыйзамдуу салыктарды алуу маселеси тийиштүү органдарга тапшышылууда. Бардык тейлөө иштери патент аркылуу жүрүшү керек, муну тартипке салабыз. Сунуштарыңыз үчүн сизге рахмат!

 

*       *       *

 

ЭСКЕРТҮҮ: Урматтуу районубуздун тургундары! Суроолорду жазуу менен өзүңүздөрдүн даректи (электрондук почтаны, телефон номерди), аты-жөнүңүздөрдү кошо калтырууну унутпаңыздар.

3 года назад