Кирүү Катталуу

СУРОО БЕРДИҢИЗ - ЖООП БЕРЕБИЗ №1

СУРОО БЕРДИҢИЗ - ЖООП БЕРЕБИЗ №1
СУРОО БЕРДИҢИЗ - ЖООП БЕРЕБИЗ №1

Урматтуу районубуздун тургундары!

Райондук мамлекеттик администрациянын www.bazar-korgon.kg веб-сайты аркылуу райондун жетекчисине суроолор менен кайрылуулар болуп жатат. Төмөндө биз алгачкы суроолорго жоопторду жарыялайбыз.  

 

*        *        *

СУРОО: - Бешик-Жондун Бай-Мундузуна 1 айдан бери таза суу берилбейт,1 айда 2 эле кұн суу берилди, караштырып коёсузбу?

ЖООП: - Бул боюнча райондук мамлекеттик администрация Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына кайрылган. Натыйжада, суунун берилбей жатканынын себеби аныкталды. Суу тармагынын түтүгү жарылып, суу берүү токтоп калган. Түтүктү оңдошкон соң, суу насосунун кыймылдаткычы күйүп кеткен. Азыр оңдоо-түзөө иштери Мамлекеттик сатып алуу мыйзамдарына ылайык, алдын ала жарыя берилип, конкурс аркылуу жүргүзүлөт. Айыл өкмөтү оңдоо-түзөтүү иштерин жүргүзүү боюнча жарыя берген, конкурстан жеңип алган ишкана оңдоо-түзөө иштерин алып барат. Тилекке каршы, бул убакытты талап кылган иш. Буюрса, Баймундуз айылынын тургундарына кийинки аптанын аягында суу берилип калат.

*        *        *

СУРОО: - Саламатсыздарбы, сиздерден вакансиялар боюнча кайда кайрылууга болот?

ЖООП: - Бош кызмат орундары боюнча сиздер райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчисине кайрылсаңыздар болот. Андан сырткары, бош орундар боюнча жарыялар ушул сайтта жарыяланат, кабар алып туруңуздар.

*        *        *

СУРОО: - Базар-Коргон районунун Шыдыр айылынын тургуну, Москва шаарында убактылуу жашап жаткан Шергазы Сагынов акимге кайрылып, Шыдыр айылына атайын түзүлгөн фонддор аркылуу балдар бакчасын, кичи спорт комплексин курууну көздөп жатышканын, аны үчүн жер тилкесин бөлүп берүү ишинде көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

ЖООП: - Бул маселе Кеңеш айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүлдү. Айыл аймагындагы бардык социалдык-экономикалык маселелер айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, айылдык жамааттар аркылуу чечилет. Ошондуктан, айыл аймагында кандайдыр бир курулуштарды жүргүзүү иштери айыл өкмөтү менен чогуу каралышы жана мыйзам алкагында, ошондой эле айыл аймагындагы шарттарга жараша чечилиши керек. Бул максатта айыл өкмөтүнө кайрылса болот, анткени аларда социалдык маселелерди чечүүгө кызыкчылык жогору.

 

*        *        *

ЭСКЕРТҮҮ: Урматтуу районубуздун тургундары! Суроолорду жазуу менен өзүңүздөрдүн даректи (электрондук почтаны, телефон номерди), аты-жөнүңүздөрдү кошо калтырууну унутпаңыздар.

 

3 года назад