Кирүү Катталуу

РАЙОНДУН КЫСКАЧА ТАРЫХЫЙ ХРОНОЛОГИЯСЫ

1918-жылы 1-мартка чейин Николаевское айылында (оозеки айтымда Никольское, азыркы Совет, Кеңеш айылы) орус, кыргыз, өзбек татар улутундагы адамдардын катышуусунда Базар-Коргон аймагындагы мусулмандардын жана чааракерлердин депутаттарынын курултайы өткөн. Ал тарыхка Советтердин 1-съезди болуп кирген. Ошол 1918-жылы 1-мартка карата Базар-Коргон волостунун мусулмандарынын жана чааракерлеринин депутаттарынын Советинин түзүлгөндүгү Базар-Коргон районунун алгачкы саясий ячейкасы - райондук масштабдагы биринчи официалдуу башкаруу органы болуп саналат.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Базар-Коргон району падышалык Россиянын административдик-территориялык аталыштарындагы термин колдонулуп, “Базар-Коргон волосту” деп аталып турган.

1919-жылдын 30-ноябрында облусттук Ревком өзүнүн токтому менен Советтердин аткаруу комитеттерин таркатып, анын ордуна Ревкомдорду түзгөн жана бийлик Советтерден Ревкомдорго өткөн, анын негизинде Базар-Коргон волостунун Советинин ордуна Базар-Коргон райондук Ревкому уюшулган.

Мындай өзгөрүү Совет бийлигине каршы ар кандай терс күчтөрдүн, басмачылардын күрөшүнөн улам келип чыккан. 1918-жылдын март айынан 1922-жылдын мартына чейин өлкөдө Совет бийлигин жактоочулар менен ага каршы чыккандардын ортосунда күрөш жүрүп келген.

1926-жылдын 6-декабрында Жалал-Абад кантонунун уюшулганына жана административдик-территориялык бөлүнүштөрдү жаңыдан түзүүгө байланыштуу Кантондун, башкача айтканда, облустун ичиндеги бардык административдик территориялык түзүлүштөр кайрадан волостко айланган. Базар-Коргон району – Базар-Коргон волосту деп аталган. 1928-жылы 31-октябрда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомунун негизинде Жалал-Абад, Ош кантондору бириктирилип, бир – Ош округуна айланган жана волосттор – райондор деп кайра түзүлгөн. Базар-Коргон волосту – Базар-Коргон району деп аталган. 1930-жылдын 1-сентябрда Ош округу жоюлуп, Базар-Коргон району республикалык баш ийүүгө өткөн.

1924-жылдан 1928-жылга чейин Базар-Коргон, Масы (Ноокен) райондору бириктирилип, Базар-Коргон району деп аталган.

1935-жылы 8-февралда Базар-Коргон районунан Масы району бөлүнүп чыгып, Базар-Коргон районунун борбору Масы айылынан Базар-Коргон айылына көчүрүлгөн.

1937-жылы Базар-Коргон району Масы району менен бириктирилип, Ленин району деп аталган.

1962-жылдын 31-декабрда Базар-Коргон району кайрадан Ленин районуна бириктирилген.

1978-жылы 4-майда Базар-Коргон району кайрадан Ленин районунан бөлүнүп чыккан. 

3 года назад