Кирүү Катталуу

РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

Бүгүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев райондук мамлекеттик администрациянын эки кызматкерине жогорку органдардын расмий сыйлыктарын тапшырды.

Бүгүн, 23-июнь күнү белгиленүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башкы адиси Ойбек кызы Айжамал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамотасы менен, ал эми ушул эле райондук мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Акматов Илимбек Турдукулович Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Райондук мамлекеттик администрациянын аппараттык кеңешмесинде район жетекчиси Б. Козуев жалпы кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, аларга жакшы каалоолорун айтты. Ошондой эле сыйлык ээлерине жогорку органдардын Ардак грамоталарын тапшырып, аларга иштериндеги ийгиликтерди каалай турганын билдирди.

Андан кийин район жетекчиси Б. Козуев көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана иштериндеги ийгиликтери үчүн райондук суу чарба башкармашсынын башчысы Акматов Заирбек Апсаматовичке Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасын тапшырып, жакшы тилектерин билдирди.  

Ардагер кызматкер Момунали Абаров сөз кезегин алып, район жетекчилерин жана аппарат кызматкерлерин куттуктады жана аларга кыйын жана жоопкерчиликтүү ишинде албан ийгиликтерди каалады. 

3 года назад