Кирүү Катталуу

РАЙОНДО ЖАШЫЛЧА, БАХЧА ТҮШҮМҮ ЖЫЙНАЛУУДА

РАЙОНДО ЖАШЫЛЧА, БАХЧА ТҮШҮМҮ ЖЫЙНАЛУУДА
РАЙОНДО ЖАШЫЛЧА, БАХЧА ТҮШҮМҮ ЖЫЙНАЛУУДА
РАЙОНДО ЖАШЫЛЧА, БАХЧА ТҮШҮМҮ ЖЫЙНАЛУУДА
РАЙОНДО ЖАШЫЛЧА, БАХЧА ТҮШҮМҮ ЖЫЙНАЛУУДА

Базар-Коргон районунун дыйкандары жашылча түшүмүн жыйноону кызуу темп менен жүргүзүп жатышат. Быйылкы 2-июлга карата 981 гектар аянттагы жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналып, бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 57 гектарга көп болду. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы Авазбек Палванов билдирди.

Быйыл район боюнча 2390 гектар аянтка жашылча өсүмдүктөрү эгилген болчу. Азыркы тапта анын дээрлик жарымы жыйналып алынды. Түшүмдүүлүк жагынан алгачкы көрсөткүчтөр жаман эмес, азыркы учурда дыйкандар ар гектар аянттан 241,5 центнерден түшүм алышууда. Бул өткөн жылдагыдан көбүрөөк, өткөн жылы ушул маалда алынган түшүм ар гектарынан 241,2 центнерден айланган.

Эгер дүң жыйымы менен ала турган болсок, 2-июлга карата 23 миң 697 тонна түшүм алынды. Эгер салыштырсак, өткөн жылдын ушул маалында 22 миң 293 тонна түшүм жыйналган болчу, демек, быйыл 1404 тоннага көп.

Ошондой эле дыйкандар бахча өсүмдүктөрүнүн алгачкы түшүмүн жыйнаганга киришкен. Бардык 449 гектарга эгилген бахча өсүмдүктөрүнүн 22 гектарында түшүм жыйналды. Өткөн жылдын ушул маалында бахча түшүмү жыйнала элек болчу. Ал эми бахча өсүмдүктөрүнүн түмшүмдүүлүгү боюнча алгачкы көрсөткүчтөр жаман эмес, ар гектарынан 190 центнерден алынып, дүң эсебинде 418 тонна түшүм жыйналды.

Учурда жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери кызуу жүрүүдө. Базарларга, соода жайларына быйылкы түшүм чыгарылып, калк дасторконуна коюлууда. 

3 года назад