Кирүү Катталуу

РАЙОН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев райондук бир катар ишканалардын жетекчилери менен чогуу Үй-бүлөлүк медицина борборунда болуп, ал жерде үй-бүлөлүк медицина кызматкерлерин, ошондой эле Тиш оорулар эмканасынын, балдар санаториясынын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерин жекшемби күнү  белгиленүүчү Медицина кызматкерлеринин күнү менен кызуу куттуктады.

Район жетекчиси деги эле саламаттыкты сактоонун коом жана мамлекет үчүн жогорку мааниси белгилеп, быйылкы жылы ак халатчандар үчүн чоң сыноо болуп жатканын баса белгиледи.

-Таажы вирусунун жайылышы менен коомго коркунуч келип, ак халатчандар эң алдыңкы сапта бул коркунучтуу вирус менен күрөшүштү. Башкалардын саламаттыгы, өмүрү үчүн ак халатчандарыбыз өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салып күнү-түнү иштешти. Азыркы учурда да алар өздөрүнүн ыйык милдетин сабырдуулук жана чоң жоопкерчилик менен аткарып жатышат. Биз баарыбыз сиздердин алдыңыздарда таазим кылабыз, - деди Б. Козуев медицина кызматкерлерине жакшы каалоолорун айтып жатып.

Бул жакшы каалоолорго райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы А. Палванов, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы С. Сариев, Базар-Коргон электр тармактар ишканасынын башчысы Ж. Парманов да кошулуп, медицина кызматкерлеринин коомго жасап жаткан эмгегин эбегейсиз экенин баса бегилешти.

Райондун жетекчиси Үй-бүлөлүк медицина борборуна 10 миң сом акчалай колдоосун көргөзүп, алдыңкы медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Ал эми райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору чакан программадагы концертин тартуулашты. Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги жана медицина кызматкерлери сый көрсөткөнү үчүн райондун жетекчилигине ыраазылык билдиришти.

Майрамдык салтанат учурунда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталып, иш-чара тартип менен өттү. 

3 года назад