Кирүү Катталуу

РАЙОН ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев райондук бир катар ишканалардын жетекчилери менен чогуу Бекмырза Исмаилов атындагы Базар-Коргон аймактык ооруканасынын кызматкерлерин жекшемби күнү  белгиленүүчү Медицина кызматкерлеринин күнү менен кызуу куттуктады.

Район жетекчиси медицинанын жыл санап коом үчүн мааниси улам жогорулап бараткандыгын белгилеп, быйылкы жыл жалпы эле дүйнө боюнча ак халатчандар үчүн сыноо жылы болуп жатканын айтып өттү.  

-Таажы вирусунун коркунучун алдында сиздер – урматтуу ак халатчандар, эң алдыңкы сапта болдуңуздар. Бизди сиздер гана ошол коркунучтан, илдеттен коргоп, өз ден соолугуңуздарды, керек болсо өмүрүңүздөрдү да тобокелге салдыңыздар. Биз сиздердин чыныгы каармандыгыңыздарга күбө болдук. Биз баарыбыз сиздердин алдыңыздарда таазим кылабыз, - деди Б. Козуев медицина кызматкерлерине жакшы каалоолорун айтып жатып.  

Бул жакшы каалоолорго райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы А. Палванов, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы С. Сариев, Базар-Коргон электр тармактар ишканасынын башчысы Ж. Парманов да кошулуп, медицина кызматкерлеринин коомго жасап жаткан эмгегин эң жогорку деп баалашты.  

Райондун жетекчиси Б. Исмаилов атындагы Базар-Коргон аймактык ооруканасына 10 миң сом акчалай колдоосун көргөзүп, алдыңкы медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Ал эми райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору чакан программадагы концертин тартуулашты. Б. Исмаилов атындагы Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жетекчилиги жана медицина кызматкерлери сый көрсөткөнү үчүн райондун жетекчилигине ыраазылык билдиришти.

Майрамдык салтанат учурунда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталып, иш-чара тартип менен өттү. 

3 года назад