Кирүү Катталуу

ӨТКӨН ЖЫЛЫ РАЙОНДО ЭМНЕ ИШТЕР АТКАРЫЛДЫ?

89856360_103804007923060_4558694634619928576_o

Базар-Коргон району боюнча 2020-жылдын 12 айында бардык тармактарды салыштырмалуу баада эсептегенде 12 млрд 293 млн 324 миң 400 сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өндүрүштүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 99%га аткарылып, 2020-жылдын божомолуна карата 98,3%ды түздү.

Жалпы өндүрүлгөн ички дүң продукциянын көлөмүнүн 61,7% айыл чарба тармагына, 21,4% чекене товар жүгүртүүгө, 8,1% капиталдык салымдарды өздөштүрүүгө, 5,2% өнөр жай тармагына жана 3,4 % акылуу кызмат көрсөтүүгө туура келет.

Анын ичинен:

Өнөр жай тармагында өсүү ыргагы өткөн жылга караганда 136,6%га аткарылып, өндүрүштүн физикалык көлөмү 115,7 %ды түздү.

Айыл чарба тармагында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,1%га камсыз болду.

Чекене товар жүгүртүүнүн 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 82,6%га, ал эми 2020-жылдын божомолуна карата 81,8%га аткарылды. COVID-19 пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн соода түйүндөрүндө чекене товар жүгүртүү көлөмү азайды.

Акылуу кызмат көрсөтүү өткөн жылга салыштырмалуу 103,2%га, ал эми   2020-жылдын божомолуна карата 102,7%га аткарылды.

Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн көлөмү 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 97,1 %га аткарылды.

 

Мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүн жыйноо

 

Район боюнча 2020-жылдын 12 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн жыйноонун жалпы планы 108,0%га аткарылды.

-республикалык бюджет 107,8% түздү же 1 млн 840 миң 900 сомго көп жыйналды.

Ал эми жергиликтүү бюджет 108,1%га аткарылды.

2020-жылдын 1-январына салык төлөмдөрүнүн бюджетке болгон карызы 2 млн 961 миң 500 сом болсо, 2021-жылдын 1-январына карата 2 млн 839 миң 400сомду түзүп, жыл башына салыштырмалуу 122 миң 100 сомго кыскарды.

Ал эми Базар-Коргон району боюнча социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2020-жылдын 12 айына жеткирилген план 265 млн 178 миң 700 сомду болсо, иш жүзүндө аткарылышы 268 млн 729 миң 500 сомду түзүп, 101,3% аткарылды.

Бюджеттин аткарылышы

 

Айылдык бюджеттин киреше бөлүгү пландагы 139 млн 779 миң 100 сомдун ордуна 148 млн 574 миң 100 сомго аткарылып 106,3%, өткөн жылга салыштырмалуу 5 млн 314 миң 200 сомго көп аткарылды. Өсүү ыргагы 103,9%ды түздү.

Ал эми жергиликтүү бюджеттин өзүн өзү каржылоосу 74,8% болду.

 

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылдын 12 айында жалпысынан такталган план 225 млн 664 миң 800 сом болуп, кассалык аткарылышы 197 млн 980 миң 700 сомду түзүп, 91,6%га аткарылды.

Жыйынтыктап айтканда жергиликтүү бюджеттен каржыланган айыл өкмөттөрүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы менен корголгон чыгаша беренелери боюнча толук каржыланып кредитордук карыздар жок, ошондой эле коммуналдык кызматтардан электр энергияга, көмүр сатып алуу, байланыш кызматтары боюнча карыздар жок.

Чыгымдоолордун жыйынтыгы боюнча пландын аткарылбай калуусу негизинен COVID-19 пандемиясына байланыштуу мектеп, бала бакчалардын иштебей туруусу, кызматтык сапарлардын аздыгы жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык иштөөдө үнөмдөөлөргө байланыштуу.

 

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу

 

Базар-Коргон районунун аймагында 01.01.2020 жылга карата 23464 турак жай бар болсо, анын ичинен жыл ичинде камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча план-тапшырма 5939 турак жайдан 2215 турак жайга камсыздандыруу келишимдери түзүлүп, 37,3% түздү. 2019-жылга салыштырмалуу 109,7% аткарылып, 195 даанага көп келишим түзүлдү.

 

Тартылган ички жана тышкы инвестиция

 

2020-жылдын 12 айында жалпы тартылган инвестициянын көлөмү 1 млрд 761 млн 359 миң сомго жетип, өткөн 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108 млн 730 миң сомго көп болуп, өсүү ыргагы 106,5%ды түздү. Анын ичинен ички инвестициянын көлөмү 1 млрд 528 млн 159 миң сомду түзсө, өткөн жылга салыштырмалуу 781 миң 300 сом көп болуп, 100% түзгөн. Ал эми тышкы инвестициялар 233 млн 200 миң сом тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу 186,1% түзөт.         

Ал эми айыл өкмөттөр боюнча 2020-жылдын 12 айына карата тартылган ички жана сырткы инвестициянын көлөмү 757 млн 478 мин 400 сомду түзүп, анын ичинен, ички инвестиция 524 млн 278 миң сомду, сырткы инвестиция 233 млн 200 миң сомду түзөт.

 

Алынган насыялар

 

2020-жылдын 12 айында райондун аймагындагы коммерциялык банктардан алынган насыялардын жалпы суммасы 1 млрд 3 млн 881 миң сомду түзөт.

 

 

 

      Критерий

2020-жылдын 12 айына (миң сом)

 

Жалпы көлөмү

1 млрд 3 млн 881 миң сом

 

1

Өнөр жайына

41 млн773 миң 600 сом

 

2

Айыл чарбасына

401 млн426 миң 300 сом

 

3

Социалдык тармакка

124 млн 447 миң 600 сом

 

4

Соода тармагына

142 млн 701 миң сом

 

5

Башка ар кандай тармактарга

293 млн 532 миң 100 сом

 

 

Айыл чарба тармагы

 

Базар-Коргон району боюнча 21300 гектар айдоо аянты бар, анын ичинен 14758 гектары сугарма, 6542 гектары кайракы.  

Үстүбүздөгү жылы 2537 гектар аянтка буудай, 2469 га арпа,   1270 га күрүч, 4472 га жүгөрү, 2845 га пахта, 854 га май өсүмдүгү, 1393 га картошка, 2417 га жашылча, 449 га бахча жана 2074 гектар жерге көп жылдык тоют өстүрүлүп, район боюнча 391 гектар жер жүйөөлүү себептер менен пайдаланылбай калды. Анын ичинен 369 гектар кайракы, 22 гектар сугарма.

2021-жылдын 1-январына карата район боюнча 6750 тонна буудай, 4612 тонна арпа, 32295 тонна жүгөрү, 5301 тонна күрүч, 9986 тонна пахта, 1213 тонна май өсүмдүктөрү, 21423 тонна картошка, 69228 тонна жашылча, 9486 тонна бахча өсүмдүктөрү, 4757 тонна мөмө-жемиш, 127,5 тонна жүзүм жыйналып алынды.

 

Мал чарба тармагы

 

 2020-жылдын 12 айында 9330 тонна эт өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 101,7%га, 55366 тонна сүт өндүрүлүп, 103,1%га, 8581 миң даана жумуртка өндүрүлүп, 108,4%га, 202,0 тонна жүн өндүрүлүп, 100,0 %га аткарылды.

Райондун аймагында бардыгы болуп 7 асыл-тукум чарбалары уюштурулуп, иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө. Алардын 4 чарбасы эт багытындагы койлорду, 2 чарба таза кандуу жаңы-кыргыз тукумундагы жылкыларды жана 1 чарба “Ала-Тоо” тукумундагы ири мүйүздүү малдарды өстүрүшөт.

Уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү максатында Кеңеш айыл аймагында 2 чарба уюштурулуп, асыл-тукум чарбасы болуп катталууга даярдалууда.

2020-2021-мал кыштатуу жылына карата 74353 тонна тоют даярдалуусу керектелсе, учурда 78014 тонна даярдалып, керектөө 104,0%га аткарылды.

Жайыт пайдалануучулар тарабынан келишимдин негизинде район боюнча 4031,9 миң сом акча каражаты жыйналуусу керек болсо, бүгүнкү күнгө карата 3939,1 миң сом, же 97,7% жыйналды.

 

Трактор жана айыл чарба техникалары

 

Район боюнча трактор жана айыл чарба техникаларынын үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата 460 даана, анын ичинен 386 даана оңу же болбосом ишке жарактуусу 84% түздү.

2020-жыл ичинде район боюнча 11 даана жаңы тракторлор “Айыл Банк” аркалуу лизингке берилди. Атап айтсак:

1) Кеңеш а/ө 2 даана МТЗ-82.1

2) Акман а/ө 1 даана МТЗ-2015.2 жана 1 даана МТЗ-952.2 маркасындагы

3) Сейдикум а/ө 1 даана Беларусь 82.1, 1 даана Беларусь 892.2, 1 даана Беларусь 952.2, 1 даана YTO-804Х, 1 даана XGMA SDLG-936L 1.8 куб (джестик) маркасындагы жалпы 7 даана.

МТСтерди түзүү боюнча. Район боюнча 7 техникалык кызмат көрсөтүү сервистери иштеп жатат. Негизинен МТСтер жеке ишкерлер тарабынан Акман, Базар-Коргон жана Сейдикум айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн. Элге өсүмдүктөрдү өстүрүүдө кетектүү кызматтарды көрсөтүп жатат. Сейдикум айыл өкмөтүндө жеке ишкер И.Сатаров мурдагы колхоздун кампасында лизингдик негизде МТС уюштурууга документтерди даярдап жатат

 

Айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү

 

2020-жылдын 10-айына карата 34 кооператив каттоодон өткөн. Бирок бүгүңкү күндө 16 кооперативдердин иштеп жаткандыгы такталды.

Райондо пайдаланылбай жаткан таштак жерди көп жылдык мөөнөткө ижарага алып, Сейдикум айыл аймагында 2019-жылы 2 (эки) кооператив уюштурулган. 2020-жылда дагы «Акбермет-дан» жана «Пахтакер» кооперативдери жерди көбөйтүүнүн үстүндө иштешип, шалы эгүүнү 50-55 гектарга жеткирди. Келечекте кооперативдер бак, жүзүм өстүрүүнү пландаштырып жатышат.

 

2021-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерин эгүү

 

2021-жылдын түшүмү үчүн 2710 гектар аянттарга күздүк кылкандуу дан эгиндерин агротехникалык эрежелердин негизинде жана өз мөөнөтүндө айдап себүүнү уюштуруу   2021-жылдын 1-январына карата пландаштырылган 2710 гектар себүүнүн 2475 гектарына күздүк буудай эгилип, же 90% аткарылган.   

 

Тоңдурма айдоону өткөрүү

 

2021-жылдын түшүмү үчүн 10445 гектар жер аянтына агротехникалык эрежелердин негизинде, өз убагында жана сапатуу тоңдурма айдоо бүгүнкү күнгө карата айыл аймактар тарабынан тоңдурма айдоо жумуштары 100% аткарылды.

 

Кайра иштетүү ишканалары ишмердүүлүгү

 

Райондо 2021-жылдын 1-январына карата 5 пахта тазалоочу заводдор иштейт. Заводдор бүгүнкү күнгө дыйкан-фермерлерден 7000,0 тоннадан ашык пахта сырьёсу алынып, 2000,0 тонна таза була иштеп чыгарышты. Айрыкча «Коттон-Текстиль-Фектори» ЖЧКсы 2125,0 тонна пахта, «Кабыл Ата» ЖЧКсы сезондо 3200,0 тонна сырьё алды. Аталган 2 завод алынган пахтадан 2000,0 тонна була иштеп чыгарышты.

Райондогу 5 заводдун сырьё алууга мындан ары дагы мүмкүнчүлүктөрү бар. Орточо 1 кг пахтаны 51-53 сомдон дыйкандардан сатып алышууда. Пахтанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу 8-11 сомго жогору болду. Ошол себебтүү райондо 2021-жылга пахта эгүүнүн аянтын көбөйтүү пландаштырылды же 2989 гектарга божомолдонуп, өткөн жылга салыштырмалуу 144 гектарга көп айдалат.

 

Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы

 

Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы узундугу 90,0 км түзгөн чарбалар аралык каналдар, суу сактагыч жана 1 даана насостук станциясы аркылуу 7 айыл өкмөткө караштуу суу пайдалануучулар ассоциациялары 13200 га жерди сугат суу менен камсыз кылат.

Жаңы-Жогорку-Акман, Каркыра-Мисте, Шабдан-Арык каналдарында тазалоо, оңдоо жумуштары аткарылды. 2021-жылга карата каналдарды жазгы вегетацияга даярдоо жумуштары боюнча техникаларды оңдоо иштери жүргүзүлүп, каналдарда мехтазалоо иш-пландары жүргүзүлүүдө.  

 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук

 

2020-жылдын 12 айында төмөнкү жумуштар жүргүзүлдү.

1. Жылкыларды сибирь жарасы ылаңына каршы 7610 баш эмделип, план   107,18%га   аткарылды.

2. Бодо малдар боюнча шарп ылаңына 13412 баш эмделип, план 97,14%га аткарылды, сибирь жарасы ылаңына 59469 баш эмделип, план 102,53%га аткарылды.

3. Кой-эчкилер сибирь жарасы ылаңына 143954 баш эмделип план 102,82% аткарылды, чечек ылаңына 52000 баш, чума ылаңына 50000 баш эмделип, план 104,0 жана 100%га эмделди.

4. Иттер кутурма ылаңына 10280 баш эмделип план100,78%га аткарылды.

11-ай ичинде жылкы, бодо мал жана кой эчкилерден пландуу түрдө кан алып текшерген учурда 2 жылкы, 63 бодо мал жана 1 кочкордун канынан бруцеллез ылаңынын козгогучтары табылып, бардыгы мыйзам чегинде союлуп, жок кылынды. 1 бээ, 1 эшек, 3 торпок, 1 күчүк, 1 уй, 1 белгисиз иттин кутурма ылаңы менен   ооругандыгы лабораторияда   аныкталган.

 

Райондук электр тармактар ишканасы

 

2020-жылдын 12 айына карата район боюнча 148 млн. 963 миң 700 квт/саат электр энергиясы сарпталган. Анын ичинен нормативдик жоготуу 19 млн. 402 миң кВт/саат же болбосо 13,02%ды түзгөн.

2021-жылдын 1-январына карата электр энергиясын пайдаланууга болгон жалпы дебитордук карыз 3 млн. 43 миң 700 сомду, анын ичинен мекеме ишканалар 428 миң 800 сом, калктын карызы 2 млн.614 миң 900 сомду түздү. Ал эми 2020-жылдын 1- январына карата жалпы карыз 5 млн 132 миң 300 сомду түзгөн. Дебитордук карыз 2 млн 88 миң 600 сомго азайып, 40,7%ке кыскарды.

Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылында 101 кожолук, 500дөн ашык эл жашайт. Айылда №48 М.Чыйбылов атындагы бир орто мектеп, бир ФАП, ошондой эле Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын Жаз-Кечүү токой бөлүмчөсүнүн конторасы жайгашкан. 2020-жылы элет элинин жашоо шартын жакшыртуу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 30 млн сомдук жумуш аткарылды.

 

Таза суу программасы

 

Базар-Коргон районундагы 57 калктуу конуштан 42 айылдын калкы суу түтүкчөлөрү аркылуу ичүүчү таза суу менен камсыз болуп 74%ды түзөт. Ал эми калган 7 айыл булактардан, 8 айыл арык жана сайлардан ташып ичишет.

 

Айыл аймагынын

Айылдар саны

Суу түтүктөн

Булактан

Арык жана сайлардан

Камсыз болушу

%

1

Акман

6

6

-

-

100

2

Базар- Коргон

3

2

-

1

67,0

3

Бешик-Жон

4

4

-

-

100

4

Сейдикум

12

9

-

3

75,0

5

Талдуу-Булак

8

5

1

2

25,0

6

Могол

6

6

-

-

100,0

7

Кеңеш

8

5

1

2

63,0

8

Арстанбап

5

3

2

-

40,0

9

Кызыл-Үңкүр

5

2

3

-

0

 

Бардыгы:

57

42

7

8

74,0

 

Жалпы район боюнча 2020-жылдын ичинде 298 млн 355 миң сомдук жумуш аткарылып 5904 кожолук тазу суу менен камсыздалды.

 

Архитектура  жана  шаар  курулушу башкармалыгы

 

Базар-Коргон районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгында 2020-жылдын 12 айына карата 3 млн. 700,0 миң сом план кабыл алышып, тапшырманы 109,1%га аткарышкан.

 

“Кадастр” мамлекетик мекемесинин Базар-Коргон филиалы

 

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалы тарабынан 2020-жылдын 12-айына 12 млн.320 миң сомго аткарууга план алышкан болсо, иш жүзүндө 10 млн. 647 миң 700 сомдук элге кызмат көрсөтүп, планды 86,4% аткарышкан.

2019-жылда Базар-Коргон району боюнча 396,6 га жер тилкеси трансформация болуп, бүгүнкү күндө Бешик-Жон жана Базар-Коргон айыл өкмөттөрүнүн жарандарына жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акт даярдалып, жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө.

 

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү

 

Райондук Жарандык коргоо комиссиясынын изилдөөсү менен 2020-жылга 8 объектиде бекемдөө иштери ӨКМнин «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасына планга кошулган.

1.Базар-Коргон району Кызыл-Үңкүр айыл аймагы Алтын-Кыя айылы Кең-Кол сайынын нугун буруу үчүн суу тосмо куруу иштерине 250 даана габиондук торчолор бөлүнүп берилип, ашар жолу менен орнотулду.       

2.Базар-Коргон району Кызыл-Үңкүр айыл аймагы Катар-Жаңгак айылы Кең-Кол сайынын нугун буруу үчүн суу тосмо куруу иштерине 150 даана габиондук торчолор бөлүнүп берилип, ашар жолу менен орнотулду.

3.Базар-Коргон району Могол айыл аймагы Кызыл-Суу айылы, Эски Кызыл-Суу участкасына көпүрө куруу иштерине 6400 кг цемент, d-12мм 526 кг арматура, d-14 мм 208 кг арматура жана d-6 мм болгон 75 кг зым бөлүнүп берилип, көпүрө ашар жолу менен  курулуп бүткөрүлдү.

4.Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын сол жээгине 100 метр аралыгына дамба куруу үчүн 2020-жылга планга сунушталып, 59400 кг цемент жана 4050 кг арматура бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө жумуш жүрүп жатат, 50%га иш аткарылды.

5.Базар-Коргон айыл аймагына караштуу Жети-Кошкон айылыдагы сел арыкты тазалоо максатында 2020-жылга “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасынын кошумча планынын негизинде киргизилип 1 даана экскаватор бөлүнүп берилип, ылай кумга толуп калган 1360 метр аралыгы толугу менен тазаланып  бүткөрүлдү.

6.Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагы Ооган-Талаа айылы Кара-Үңкүр дарыясынын нугун буруу үчүн суу тосмо куруу иштерине 245 даана габиондук торчолор бөлүнүп берилип, ашар жолу менен  орнотулду.

7.Базар-Коргон району Базар-Коргон айыл аймагы Беш-Бадам айылы сел тосмо куруу иштерине, ӨКМнин 2020-жылдын 18-майыдагы №520–буйругунун негизинде 65 даана габиондук торчолор бөлүнүп берилип, дагы кошумча ААжКЖ иш-планына киргизилип, 55 даана кошумча габиондук торчолор бөлүнүп берилип, жалпы 220 даана габиондук торчо толугу менен ашар жолу менен орнотулду. 8.Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагы Ооган-Талаа айылы Кара-Үңкүр дарыясынын нугун буруу үчүн суу тосмо куруу иштерине 245 даана габиондук торчолор бөлүнүп берилип, ашар жолу менен  орнотулду.

2020-жылдын 16-июль күнү Арстанбап а/а караштуу А.Абдукеримов көчөсүндө жашаган 8 кожолуктун турак-үйлөрүн королоруна жана 4 турак-үйдүн ичине сел кирип, жараксыз абалга алып келгендиктен. Райондук ӨКБнүн №78 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 22 куткаруу тартылып, сел кирип кеткен кожолуктардын турак-үйлөрүн там арка жерлерин тазалоого жардам беришип жана ӨКМнен 2 даана ХОVO автосамосвалы 1 даана эксковатор бөлүнүп берилди. Чет-Жаңгак участкасындагы Сарым-Салык сайында 4 даана көпүрө жараксыз абалга келгендиктен 2 даана көпүрөнү куруу максатында  13800 кг цемент  d-14 мм болгон 1178 кг арматура  d-6 мм болгон 204 кг арматура бөлүп берүү боюнча тийиштүү документтери тапшырылып, бөлүнүп берүү жагы каралууда.

Арстанбап а/а селден келтирлген зыян болжол менен 2 млн 220 миң сомду түзгөндүгү  райондук ЖКну комиссиясы тарабынан аныкталды.

 

Жолдорду тейлөө

 

Райондун №50 жол тейлөө ишканасы тарабынан тейлеп жаткан 252,7 км аралыктагы негизги жолдордо автоунаалардын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында өз мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышып, автоунаалардын, жүргүнчүлөрдүн каттамына шарт түзүп келишүүдө. 

Базар-Коргон райондук №50 жол тейлөө мекемесине 2020-жылдын 12 айына 6 млн.888 миң 500 сом план каралган болсо, аткарылган жумуштары 20 млн 178 миң 400 сомго аткарылган.

Райондун №50 жол тейлөө ишканасы тарабынан тейлеп жаткан 252,7 км жолдун асфальт бетон жаткырылганы 111,7 км жана кум шагыл жаткырылганы 141 км түзөт.

Жергиликтүү маанидеги ички жолдор жалпы 517,9 км түзүп анын ичинен асфальт төшөлгөнү 97,4 км, кум шагыл жана топурак жолдор 420,5 км түзөт.

2020-жылдын 12 айында район боюнча жалпы 10 км 60 метр узундукта асфаль бетон жаткыруу жумуштары аткарылды.

Анын ичинен:

- ДЭП-50 ишканасы республикалык бюджеттин эсебинен Ч.Айтматов көчөсүнө 1 км 200 метр, М.Дамлажанов көчөсүнө 900 метр, Базар-Коргон-Сейдикум автожолуна 900 метр жалпы 3 км узундуктан асфальт бетон жаткыруу иштерин жүргүздү. Анын жалпы суммасы 12 млн 445 миң сомду түздү.

- Базар-Коргон айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен К. Калмурзаев көчөсүндө 1 км 740 метр, К. Бегимкулов көчөсүндө 340 метр, Г. Абдрахманов көчөсүндө 1 км 90 метр, Тешебаев көчөсүндө 500 метр, Дамлажанов көчөсүндө 300 метр жана Турсуналиев көчөсүндө 840 метр жалпы узундугу 4 км 810 метр, суммасы 20 млн сомдук, ички жолдорго асфальт төшөлдү.

- Арстанбап айыл өкмөтү узундугу 2 км 250 метр жалпы суммасы 7 млн 435 миң 900 сомдук асфальт төшөө жумуштарын аткарды. Анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн 396 миң 700 сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 977 миң 700 сом жана элдик салым 1 млн 61 миң 500 сомду түзөт.

 

Туризм тармагы

 

арстанбап айыл аймагы туристтер үчүн эс алуучу жай катары мамлекеттик каттоодон өткөн.

туристтик база “арстанбап-ата”: 300 орундуу 38 коттедж бар. туристтердин жогорку деңгээлде эс алуусуна шарт түзүү үчүн кошумча кызмат көрсөтүүчү борборлор түзүлгөн. Туристтик базага 2019-жыл ичинде келген эс алуучулардын саны 3862ни түзүп, бюджетке чегерилген акча каражаты  448300 сом болсо, ал эми 2020-жыл ичинде келген эс алуучулардын саны 1741 түзүп, бюджетке чегерилген акча каражаты 83400 сомду түздү. Айырмасы 364900 сом. Ошондой эле “Арстанбап-Ата” туристтик базасында атайын 100 балага ылайыкташтырылган балдардын эс алуучу жайкы лагери уюштурулган. Балдарга эс алуу үчүн спорт аянтчасы, эс алуу паркы жана башка шарттар бар. Туристтик база “Арстанбап-Ата” Кыргыз профсоюз федерациясына карайт.

Пансионат “Арстанбап”: 500 орундуу 25 коттедж. Пансионат Кыргыз профсоюз федерациясынын карамагында. 2019-жылда 4411 адам эс алып, пансионат 479100 сом киреше алган. Ал эми 2020-жылы 2206 эс алуучулар келип, 116500 сом киреше болгон жана ѳткѳн жылга салыштырмалуу 362600 сомго аз киреше киргизилген. Бул быйылкы жайкы эс алуу сезонунда пандемияга байланыштуу эс алуучулар аз болгондугу менен түшүндүрүлѳт.

Ошондой эле, “Арстанбап” пансионатында 100 балага ылайыкташтырылган атайын балдардын эс алуучу  жайкы лагери уюштурулган. Андан сырткары райондун  аймагында “Зорька”, “Достук” “Келечек” балдардын эс алуу лагерлери бар.

“Коомчулукка негизделген туризм”: атайын каттоодон ѳткѳн 20 конок үйү бар. Алардын ичинде 6 конок үйдѳ эс алуучулар үчүн толук шарттар түзүлгѳн. Туристтер көбүнчө  Германия, Англия, Франция, Швейцария, Испания, Чехия жана КМШ ѳлкѳлѳрүнѳн  келишет. 2020-жылдын январь айында 2, февраль айында 7 эс алуучу  келген. 2020-жылы эс алуучулар келген эмес.

Кызыл-Үңкүр айыл аймагында 12 жерде конок тосконго ылайыкташтырылган боз үйлѳр бар. Боз үйлѳргѳ эс алуучулар үчүн толук шарттар түзүлгөн.

 

(Райондун социалдык тармагында аткарылган иштер тууралуу атайын кошумча билдирилет). 

3 года назад