Кирүү Катталуу

ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ
ООГАН-ТАЛААДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

Базар-Коргон районунун аймагындагы Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында ар кайсы айылдардын тургундары катышкан чык эшиктер күнү өткөрүлүп, анда айыл өкмөтү менен айыл тургундарынын өз ара карым-катнашын арттыруу үчүн байланышуу даректери көрсөтүлгөн кагаздар таркатылды.

Бул иш-чара Жалал-Абад шаарындагы “Контент-медиа” коомдук фондусу тарабынан ишке ашырылып жаткан “Synergy KG-21 project / Синергия КГ-21” кичи долбооруун алкагында ишке ашырылды. Бул долбоорду Монголиядагы Көз карандысыз Изилдөө Институту каржылап жатат.

Ачык эшиктер күнүнө арналган тургундар менен жолугушуу иш-чарасында аталган долбоордун жетекчиси Эркинбек Камалов долбоордун максаттары жана айыл өкмөтүнүн аппараты менен айыл тургундарынын карым-катнаштарынын жакшырышы киимге пайда экени тууралуу айтып берди. Ошондой эле ар кайсы маселелер боюнча тургундар кимге жана кайсы даректерге, кайсы телефондор же байланышуунун башка инструменттери аркылуу кайрылса болорлугу тууралуу айтып берди.

Ал эми айыл өкмөттүн башчысы Эркин Турдукулов калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында бул долбоордун ролу, орду тууралуу айтып, ар кандай суроолор жана сунуш-талаптар боюнча айыл өкмөттөгү адистерге жеринде туруп кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Бул айыл тургундарынын убаракерчилигин азайтып, айыл өкмөтүнүн калкка кызматынын натыйжалуулугун арттырат.

Ошентип, тургундарга кайсы маселелер боюнча кимге жана кайсы электрондук байланыш даректери боюнча кайрылуу зарылдыгын көрсөткөн кагаздар таркатылып, мындан ары эки тараптуу натыйжалуу тыгыз карым-катнаш мүмкүндүгү түзүлдү. Бул аркылуу жергиликтүү маселелерди чечүүдө калктын демилгелүүлүгүн жогорулатуу менен чечим кабыл алууга анын катышуусун арттыруу артмакчы.

Мурда билдирилгендей, январь айынын ортосунда башталган долбоордук иш-чаралардын алкагында Бешик-Жон жана Могол  айыл өкмөттөрүндө алдын ала таанышуу, макулдашуу жолугушуулары, андан кийин эки күндүк окутуулар өткөн. Бешик-Жон айыл аймагынын тургундары катышкан Ачык эшиктер күнү да уюштурулуп, айыл өкмөтүндө түзүлгөн Демилгелүү медиа топ аларга өз ара карым-катнашты арттыруу жагынан маалыматтарды берген. Эми ушундай эле иш-чара Могол айыл аймагында да өткөрүлдү.  

Долбоордук иш-чаралардын алкагында эки айыл өкмөтүндө да калкка маалыматтарды жеткирүүчү Демилгелүү медиа топтор түзүлүп, алар калкка маалыматтарды айыл өкмөтүнүн веб-сайты, социалдык тармактарда ачылган аккаунттар, баракчалар жана топтор аркылуу жеткирүүнү көздөшүүдө. Бул максатта Демилгелүү медиа топтор кантип иштегенди, кантип калкка кабар жеткиргенди, кантип кайчы байланыштарды күчөткөндү үйрөнүштү. 

3 года назад