Кирүү Катталуу

ӨНӨР ЖАЙДА БИР ЖАРЫМ ЭСЕ ӨСҮҮ БАР

89856360_103804007923060_4558694634619928576_o

Быйылкы жаз айларындагы жарыяланган карантинге карабастан райондо өнөр жай продукцияларын өндүрүү жагы быйылкы беш ай ичинде артка кетпей, тескерисинче алга кетти. Башкача айтканда, беш айлык божомол планга карата продукция өндүрүү көлөмү бир жарым эсе өскөн. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, беш айлык божомол план боюнча райондо 97 миллион 326,8 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүүгө тийиш болчу. Иш жүзүндө район боюнча 154 миллион 684,8 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн жана божомол планга салыштырмалуу 57 миллион 358 миң сомдук продукция көп өндүрүлүп, өсүү темпи 158,9 пайызга жетти.

Өткөн 2019-жылдын алгачкы беш айына карата быйылкы өсүү темпи 167,4 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, өткөн 2019-жылдын алгачкы беш айында 92 миллион 385,8 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн болчу. Демек, өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл 62 миллион 299 миң сомдук продукция көп алынды.

Ушундай темп сакталса, анда өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү биринчи жарым жылдыкта да божомол планга жана өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу көп болот. 

3 года назад