Кирүү Катталуу

МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КОРГОНУУЧУ КАРАЖАТТАР БЕРИЛДИ

Кечээ, 3-июль күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо/ CASA1000» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан райондогу саламаттыкты сактоо мекемелерине жеке коргонуучу каражаттар тапшырылды. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарына жеке коргоону жана гигиена каражаттарын өткөрүп берүү республиканын бардык областтарында болуп өттү

АРИСтин өкүлдөрүнүн илдиришинче, «Айылды инвестициялоо” жана “Коомчулуктарды колдоо/CASA-1000” долбоорунун алкагында КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу  тарабынан Жалал-Абад областынын 68 айыл өкмөттөрү үчүн жеке коргоону каражаттары берилди. Областтын айыл аймактарында жайгашкан бардыгы 97 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 192 фельдшерик-акушердик пункттар жана 28 аймактык ооруканалар алышты. 

Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясында өткөн иш-чарага район жетекчиси Б. Козуев, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, АРИСтин өкүлдөрү,  саламаттыкты сактоо мкемелеринин кызматкерлеринин катышышты. Район жетекчиси Б. Козуев АРИСтин бул жакшы саамалыгына ыраазылыгын билдирип, саламакттыктын сакчылыгында турган медиктерге иштериндеги ийгиликтерди каалады. Ал эми АРИСтин өкүлү Д. Арзикулов мындай жардам бүт республика боюнча берилип жатканын билдирип, анын кайсы каражаттарга уюштурулуп жатканын түшүндүрдү.  

Ошол эле жерде 18 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, 19 фельдшердик-акушердик пункттарга, 3 участкалык ооруканага, 1 кургак учук ооруларын дарылоочу диспансерге жана 9 айыл өкмөтүнө 10 түрлүү  ар кандай медициналык каражатар тапшырылды. Ошентип, «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо/CASA 1000» долбоору тарабынан Базар-Коргон району учун жалпы суммасы 355 653 сомдук  ар кандай медициналык коргоочу каражатар берилди.

-COVID-19 илдетин тез аныктоо жана кийинки жайылышын алдын-алуу максатында, жеке коргоону каражаттарын 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө бүткүл республика боюнча 453 айыл өкмөттөрү алышты. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун айкындуулугун камсыздоо үчүн Дүйнөлүк банктын сатып алуулар жана финансылык башкаруу жол-жоболору колдонулган, - дейт АРИСтин өкүлү Дөөлөт Арзикулов.

Иш-чара санитардык эрежелерде так сактоо менен өткөрүлдү.

Маалымат үчүн: Планетанын бүткүл калкынын 70 пайызы жашаган өлкөлөрдүн  өнүгүп келе жаткан 100 өлкөсү, анын ичинде Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банктын тобунан  COVID-19 (коронавирус) менен күрөшүүдө жардам алышат. Марттан баштап ДБ Тобу калктын жакыр жана аярлуу катмарларын коргоо, саламаттык сактоо системаларын чыңдоо, жеке секторду колдоо жана экономиканы калыбына келтирүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган  ыкчам  түрдөгү жардамдын рекорддук көлөмүн көрсөттү. Банктын Тобу кабыл алган ыкчам чаралар, саламаттык сактоону чыңдоого, эң жакыр үй чарбаларын колдоого, ошондой эле кирешелерди жана иш орундарын сактоого шарттарды түзөт. 

3 года назад