Кирүү Катталуу

КАРТОШКА МЕНЕН МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ КӨП

КАРТОШКА МЕНЕН МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ КӨП
КАРТОШКА МЕНЕН МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ КӨП
КАРТОШКА МЕНЕН МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ КӨП
КАРТОШКА МЕНЕН МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ КӨП
КАРТОШКА МЕНЕН МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ КӨП

Райондук агрардык өнүктүрүү департаментинен алынган маалыматка караганда, быйыл картошканын жана мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү өткөн жылдагыдан көбүрөөк болушу күтүлүүдө.

Быйылкы жылы район боюнча 1364 гектар аянтка картошка эгилген, 2-июлга карата анын 255 гектары жыйналып алынды. Салыштыра келсек, өткөн жылы ушул маалда 253 гектар картошка аянтындагы түшүм жыйналган эле. Ал эми ар гектарынан алынып жаткан түшүм өткөн жылдагыдан 2,3 центнерге көп болууда. Башкача айтканда, быйыл азыркы учурда картошканын ар гектарынан 179,1 центнерден түшүм алынып жатса, өткөн жылы ушул маалда бул көрсөткүч 176,8 центнерди түзгөн.

Түшүмдүн дүң жыйымы боюнча алганда, 2-июлга карата 4595 тонна картошка жыйналды, өткөн жылдын ушул маалында 4420 тонна жыйналган болчу. Демек, быйыл 175 тоннага көп.

Ал эми 916 гектардагы мөмө-жемиштин 252 гектары 2-июлга карата жыйналып алынды. Өткөн жылы ушул маалда 204 гектар гана жыйналган эле, быйыл 48 гектарга артыкчылык бар. Ал эми түшүмдүүлүк да өткөн жылдагыдан 2 центнерге көбүрөөк болууда. Алсак, быйылкы жылы 2-июлга карата ар гектарынан алынган түшүм 68 центнерди түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 66 центнер эле.

Дүң жыйымы боюнча алганда, 2-июлга карата 1713 тонна мөмө-жемиш жыйналды, өткөн жылы ушул маалда 1339 тонна жыйналган. Демек, быйыл 374 тоннага көп жыйналды.

Азыркы тапта, райондун дыйкандары жана багбандары картошканын жана мөмө-жемиштердин түшүмүн коромжусуз жыйнап, калк дасторконуна алып чыгуу аракетинде.

 

3 года назад