Кирүү Катталуу

КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ КӨЛӨМҮ АРТТЫ

Райондо январь-май айларындагы капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмүнүн өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилиндегиге салыштырмалуу 121,8 пайызга, беш айлык божомол планга салыштырмалуу 165,9 пайызга өстү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрация билдирди.

Беш айлык божомол план боюнча капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү 73 миллион 350,7 миң сомго жетиши каралган. Иш жүзүндө анын көлөмү 121 миллион 754,2 миң сомго жетип, божомол пландагыдан 48 миллион 403,5 миң сомго көп өздөштүрүлдү.

Ал эми 2019-жылы алгачкы беш айда өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмү 99 миллион 951,8 миң сомго жеткен. Демек, быйылкы ушул мезгилдеги өздөштүрүлгөн капиталдык салымдар өткөн жылга караганда 21 миллион 802,4 миң сомго көп болду.

Жогорудагы капиталдык салымдардын көп болушу район аймагында ар кандай курулуш иштеринин көлөмү көп болуп жатканы менен түшүндүрүлөт. 

3 года назад