Кирүү Катталуу

КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ АЗАЙГАН ЖОК

КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ АЗАЙГАН ЖОК
КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ АЗАЙГАН ЖОК
КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ АЗАЙГАН ЖОК
КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ АЗАЙГАН ЖОК

Райондо капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү быйылкы жарым жылдык божомол пландын деңгээлинде аткарылды жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик азайган жок. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Атап айтканда, быйыл жарым жылдыкта 320 миллион 624,5 миң сомдук капиталдык салымдарды өздөштүрүү пландалган болсо, иш жүзүндө 321 миллион 108,6 миң сомдук салымдар өздөштүрүлдү. Ошентип, божомол планга карата 484,1 миң сомдук көп иштер аткарылган да, өсүү темпи 100,1 пайызга жеткен.

Бирок, быйылкы таажы вирусуна байланыштуу киргизилген карантин ишке таасирин тийгизди. Мисалы, өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 324 миллион 925,9 миң сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлгөн эле. Демек, быйыл өткөн жылга караганда 3 миллион 817,3 миң сомго азайып кеткен жана салыштырмалуу өсүү темпи 98,8 пайызга аткарылган.

Деген менен, жыл аягына чейин аткарыла турган иштерди көлөмү арбын, божомол планды толугу менен аткаруу аракеттери жүрүп жатат

3 года назад