Кирүү Катталуу

ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ

ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ
ИШТИ ЖАКШЫРТУУ ТАЛАПТАРЫ КОЮЛДУ

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын жыйыны болуп, анда “Могол, Талдуу-Булак, айыл өкмөттөрүндө, райондук социалдык фонд, эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында, райондук электр тармактар ишканасында жогорку мамлекеттик органдардан келген нормативдик укуктук актылардын, каттардын жана жарандардан түшкөн кайрылуулардын аткарылыш абалы жөнүндө”, ошондой эле “Райондун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маселелер каралды.

 

Талдуу-Булакта иштин абалы начар

 

Коллегиянын жыйынына райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев төрагалык кылып, каралган маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, акимдин биринчи орун басары Нургазы Нармырзаев доклад жасашты.

Жыйында биринчи маселе боюнча жогоруда аталган мекемелер тарабынан бир катар иштер алып барылып жатканы менен кемчиликтерге да жол коюлуп жатканы белгиленди.

Мисалы, жогору жактан ченемдик-укуктук актылардын катталышы, аткарылышы жана мыйзамдуу мөөнөттө жооптордун берилиши жагынан кемчиликтер орун алган. Бул маселе атайын иш-чаралар планына киргизилбей, жамааттардын кеңешмелеринде да талкууланбаган. Жарандардын мүдөө-талаптарын аткаруу менен аларга тийиштүү жооптор өз убагында берилбеген. Бир топ арыз-даттануулар жана жогор жактан келген каттар аткаруусуз калып кеткен.

Мекемелерде расмий документтерди архивге тапшыруу, архивдик иштерди алып баруу жагынан жүр-нары мамилелерге жол коюлган. Чыгарылган буйруктардын таризделиши эч бир мыйзамдарга туура келбейт. Коопсуздук чаралары каралбаган, имараттарда эвакуациялык пландар эски бойдон кала берген, жаңы шарттарга ылайыкташтырылбаган. Айрым мекемелерде эмгек жамааты менен аппараттык кеңешмелерди өткөрүү, алар боюнча протоколдорду түзүү, протоколдук тапшырмаларды көзөмөлдөө иштери жүрбөй калган.

Айрым мекемелерде кала берсе кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бөлүштүрүү да болгон эмес. Жеке кайрылуулар боюнча иштерди жакшыртуу үчүн кайрылуулар каттоо китепчесине жазылып, бирок АСКИД электрондук программасына киргизилбей кала берген. Арыз каттарды аткаруунун убактысы өтүп, жарандардын укуктарын бузууга жол берилген. Жалпысынан иш кагаздарын жүргүзүү КР Өкмөтүнүн талаптарына жоооп бербейт. Электрондук почта, АСКИД, “Түндүк” электрондук программалары менен толук иш алып барылбайт. Мындай көрүнүштөргө өлкөнүн Президенти эки жылдан бери санариптештирүүнүн приоритеттүүлүгүн баса белгилеп келе жатканына карабастан жол берилип жатканы өкүнүчтүү.

Мындай көрүнүштөр райондук социалдык фонд, эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында орун алып жатканы коллегиянын жыйынында баса белгиленди. Ал эми Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө иштин абалы кыйла начар экенин катуу айтылып, район жетекчилигинин адилеттүү нааразылыгын пайда кылды.

Коллегиянын жыйынында жогорудагы маселелер каралып жана талкууланып, кемчилик кетирип жаткан мекемелердин жетекчилерине ишти кескин жакшыртуу жагы эскертилди. Ал эми Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүң башчысы К. Ахматкуловго ишти негизинен жакшыртуу, айтылган бардык сын пикирлерден туура жыйынтык чыгаруу, кагаз иштерин жөнгө салуу боюнча 1-августка чейин мөөнөт берилип, андан соң коллегияда айтылган сын-пикирлердин аткарылышы боюнча кийинки коллегиянын жыйынында кароо жагы чечилди.

Район акими Б. Козуев бардык айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалар жогорудагы маселелер боюнча ишти дагы да жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана мүдөөлөрүн өз убагында талаптагыдай аткаруу зарылдыгын белгиледи жана жетекчилерден талап кылды. Бул багыттагы аракеттер райондук мамлекеттик администрация тарабынан дайыма көзөмөлдө болорлугун баса көрсөттү.

 

Тазалык маселеси – туруктуу көзөмөлдө

 

Райондун аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жасалган иштер талкууланып, айрыкча район борборунда, Базар-Коргон айыл аймагында аткарылган иштердин абалы каралды.

Карантин убагында айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалар көрктөндүрүү жана тазалык иштерин талаптагыдай жүргүзө албагандыгы белгиленди. Бирок ошого карабастан карантин режиминен кийин да айрым аймактарда тазалыкка, таштандыларды өз убагында алып чыгууга, айлана-чөйрөнү таза кармоого көңүл бурулбай жатканы тастыкталды. Анткени район борборундагы бир катар аймактарда алынбаган таштандылардын жатышы, эс алуу бактарында тазалыктын жоктугу, ал жерлерде малдардын жайылып жүрүшү, жол бойлорунда чөптөрдүн өсүп, жол көрсөткүчтөрү эскирип, көрүсүз абалга келгени, элементардык эле маселелер мекемелер, айыл өкмөттөрү тарабынан каралбай жатканы буга далил.

Район акими Б. Козуев көп мисалдар Базар-Коргон айыл аймагына тиешелүү айтылганы менен мындай көрүнүштөр бардык айыл аймактарынан орун алганын, аймактарды кыдырууда мындай нерсеге өзү күбө болуп жактанын белгиледи. Ошондуктан тез аранын ичинде ишти жакшыртуу, тазалыкты камсыз кылуу, көрктөндүрүү иштери менен алек болуу жагын жетекчилерге тапшырды.

Жыйындын акырында бардык айыл өкмөттөрүнө, мекеме-ишканаларга тиешелүү токтомдор кабыл алынып, мөөнөттөрү белгиленди.

 

 

3 года назад