Кирүү Катталуу

Дж.М.Сатыбалдиевдин Кыргыз Республикасынын кѳз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата куттуктоо сөзү

240825758_392871812349610_1953238670426108185_n
Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары жана коноктору!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын кѳз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен чын жүрѳктѳн куттуктаймын!
Бүгүн биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн, эгемен журт экенибизди сыймыктануу менен белгилеп жатабыз.
Эгемендигибиз үчүн ата бабалар кылымдар бою күрѳшүп, жанын берип, канын тѳгүп, бизге табыштаган ыйык ата-журтту ѳркүндѳтүп-ѳстүрүп келечек муундарга мурас кылуубуз зарыл. Ошондуктан ѳлкѳбүздүн ар бир атуулу мекенибизге ѳз салымын кошуп, патриоттук сезим менен Кыргызстандын гүлдѳп ѳсүшү үчүн талыкпаган эмгекти жумшоо керек.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү күндѳ биз бүткүл дүйнѳ жүзүнѳ жарандардын укуктары жана эркиндиктери сакталган, тандоо укугу бар, уруксат берилген ишкердик иштин кандай гана түрү болбосун алектенүүгѳ мүмкүнчүлүк берилген, ачык демократиялык мамлекет катары таанылган ѳлкѳбүз менен сыймыктана алабыз.
Мамлекетибиздин кѳз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн кѳзүбүздүн карегиндей сактоо жана коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Районубуздун ар тармактуу ѳнүгүп-ѳсүшүнѳ жана бекемдѳѳдѳ мэрия, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдары жана райондун жалпы структуралары ѳз салымын кошуусу абзел.
Бүгүнкү күндѳ алдыбызда эң негизги милдеттерди аткаруу жана ишке ашыруу турат, булар инвестиция тартуу, экономиканы өнүктүрүү, социалдык абалды жакшыртуу, жумушсуздукту жоюу, сугат системасы, жайыттар, жер жана таза суу маселелерин чечүү, ошондой эле саламаттык сактоо тармагын кеңейтүү, мектепке чейинки билим берүү уюмундарын ѳнүктүрүү, мектептерди салуу себеби кээ бир мектептер үч смена менен окушат, коммуналдык жана жол инфраструктурасын жакшыртуу, туризм секторун ѳнүктүрүүгѳ мүмкүндүк берүү. Мисалыга айта кетсем Базар-Коргон –Арстанбап, Базар-Коргон –Кызыл-Үнкүр жолдорун заман талабына ылайык оңдоо, шарттарын жакшыртуу менен биргеликте каада-салттарыбызды дүйнѳгѳ таанытуу.
Бул кѳйгѳйлѳрдү жана маанилүү маселелерди чечүүгѳ бизге аксакалдардан кеңеш насаат, жаштардын жаңы идеялары, ар бир кызматтан жана жергиликтүү бийликтен ишке жоопкерчиликтүү жана так мамиле керектелет. Биримдикте иш алып баруубуз зарыл.
Районубуздун эли-биздин эң башкы байлыгыбыз жана ал талашсыз артыкчылыктарыбыздын бири болуп саналат. Районубуздун бардык ийгиликтери менен жетишкендиктери боюнча негизги салым журтубузга таандык. Районубуздун калкы менен «Бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгарып, жапатырмак иштесек, кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишебиз. ”Жалгыз дарак бак болбойт” демекчи, биз, сиздер менен мамлекетибизди биргеликте ѳнүктүрѳлү.
Мамлекетибиздин түптѳлүшүнѳ чоң салым кошуп, ак ниет, күжүрмѳн талыкпас эмгек кылган жарандарыбыздын келечеги кең болсун, тилектери ишке ашсын. Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем!
Баарыбыз үчүн ѳлкѳдѳн ѳткѳн дѳѳлѳт жок. Элибизде ар дайыма аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Эгемендүү мамлекетибиз ѳнүгүп ѳсѳ берсин!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!
Урматтоо менен!
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Дж.М.Сатыбалдиев жана жалпы жамааты!
2 года назад