Кирүү Катталуу

ДАГЫ БИР КЫЗМАТКЕРГЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

ДАГЫ БИР КЫЗМАТКЕРГЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
ДАГЫ БИР КЫЗМАТКЕРГЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

Кечээ, 23-июнь күнү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүндө Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын эки кызматкерине жогорку мамлекеттик органдардын сыйлыктары тапшырылган болчу. Аны Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев тапшырып, жакшы каалоолорун айткан.

Ушул эле күнү райондук мамлекеттик администрациянын дагы бир кызматкерине сыйлык тапшырылды. Иштеги жоопкерчиликтүү аракеттери, тактыгы жана жакшы натыйжалары үчүн райондук мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана уюштуруу бөлүмүнүн адиси Кутманали кызы Салтанат Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлыкты райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев аппарат кызматкерлеринин катышуусунда тапшырып, район жетекчисинин атынан куттук айтты жана иштеги ийгиликтерди каалады. 

3 года назад