Кирүү Катталуу

БЫЙЫЛ МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ АРБЫН ЖЫЙНАЛУУДА

БЫЙЫЛ МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ АРБЫН ЖЫЙНАЛУУДА
БЫЙЫЛ МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ АРБЫН ЖЫЙНАЛУУДА
БЫЙЫЛ МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ АРБЫН ЖЫЙНАЛУУДА
БЫЙЫЛ МӨМӨ-ЖЕМИШТИН ТҮШҮМҮ АРБЫН ЖЫЙНАЛУУДА

Базар-Коргон районунун аймагында быйыл мөмө-жемиштерден алынуучу түшүм өткөн жылга салыштырмалуу арбын болууда. Быйыл 13-июлга карата алынган түшүм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 191 тоннага көптүк кылат. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, район аймагында жалпы 916 гектар аянтта мөмө-жемиш аянттары бар. Ал эми 13-июлга карата анын 375 гектары жыйналып алынган. Эгер салыштыра келсек, өткөн жылы ушул мезгилде жыйналып алынган аянт 362 гектарга барабар эле. Демек, быйыл 13 гектарга алга озуу бар.

Ошондой эле мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу ар гектарынан 2,7 центнерге көбүрөөк алынууда. Мисалы, быйылкы жылы ар гектарынан  73,2 центнерден түшүм алынса, өткөн жылдын ушул мезгилинде алынган түшүм гектарынан 70,5 центнерди түзгөн. Ошондой эле быйыл 13-июлга карата жалпысынан 2745 тонна мөмө-жемиш жыйналып алынса, өткөн жылы ушул мезгилде анын көлөмү 2554 тоннага барабар эле.

Мөмө-жемиштердин түшүмүн жыйноо улантылып жатат. 

3 года назад