Кирүү Катталуу

БЕКЕМ ДЕН СООЛУКТУ ЖАНА ИШТЕГИ ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙМ!

DSC_0989

 

Урматтуу Базар-Коргон районундгы мамлекеттик

жана муниципалдык кызматкерлер!

 

Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен чын ыкластан куттуктаймын!

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштөө дайыма олуттуу жана жоопкерчиликтүү болуп келген. Андан калса, бул органдарда иштөө дайыма кыйын да эсептелет. Анткени бүтүндөй мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын талаптагыдай иштеши, бул системанын калкыбыздын жашоосуна жана мамлекеттин келечегине натыйжалуу таасири ар бир чиновниктин сапаттуу жана талбаган ишине байланыштуу. Мамлекетке жана коомго сапаттуу, жогорку деңгээлде иштей турган чиновниктер дайыма керек болуп келгендиги бекеринен эмес. Сиздер дайыма мамлекетке, коомго керексиңер.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы кездерде коррупцияга каршы күрөштү, санариптештирүүнү, аймактардын өнүгүшүн жана балдарды колдоо саясатын негизги приоритет катары алып чыкты. Бул биздин мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү, адилеттүү жана заманбап талап эсептелет. Бул бизге, мамлекеттик дана мупиципалдык кызматкерлерге ого бетер талапты, ишеничти арттырып отурат. Демек, биздин ар бирибиз бул ишеничти актоого, элге жакшы кызмат кылууга милдеттүүбүз.

Бүгүнкү экономикалык абалга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин эмгек маяналары анчалык жогору эмес. Алар көбүнчө зарылдыктан улам эмгек графигин, дем алыш күндөрдү билбей иштегенге туура келет. Эң кыйын учурларда мамлекеттин жана коомдун сакчылыгында турушат. Өздөрүнүн үй-бүлөсүндөгү абалга да карабай биринчи кезекте мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктын артынан жүрүшөт. Сиздердин эмгегиңиздер баарыбыз үчүн баалуу.

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Дагы бир жолу сиздердин майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге бекем ден соолукту, үй-бүлөлүк бакубатчылык менен бейпилдикти каалаймын. Дайыма мамлекеттик, элдин кызыкчылыгында талыкпай иштей бериңиздер. Сиздердин жашооңуздарды дайыма жакшылыктар жылоолоп жүрсүн.

 

Бакыт КОЗУЕВ,

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким. 

3 года назад