Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОНДУКТАР БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ ЖӨНӨТҮШТҮ

Баткен аймагында болуп өткөн каргашалуу окуялар ар бир кыргызстандыктын, кала берсе Кыргызстандын досторунун да кабыргасын кайыштырды. Миңдеген мекендештерибиз үй-жайын таштап качып, бир тобу курман болуп калышты. Аябай өкүнүчтүү иш...

Бүткүл Кыргызстандын эли сыяктуу эле Базар-Коргон районунун калкы, мекеме-ишканалары да мындай учурда карап турушкан жок. Жабыр тарткан мекендештерге тезинен жардам көрсөтүү максатында район борорунда атайын акция өтүп, бериле турган жардам топтоо иш-чаралары уюштурулду. Баткен жана Лейлек районунун тургундарына жардам көрсөткүсү келгендер арбын болду. Алардын арасында карапайым тургундар, Жогорку Кеңештин депутаты А. Алтынбеков, Акман, Бешик-Жон, Арстанбап айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, бир катар ишкерлерибиз, мекемелерибиз, дыйкандарыбыз жардам колун гана созуп калышпастан, бул акцияны уюштурууда да активдүү көмөк көрсөтүштү.

Натыйжада жабыр тарткан мекендештерге 70 тоннага жакын азык-түлүк, кийим-кече, төшөнчү, дары-дармек, ошондой эле бир топ суммадагы накталай акча жыйналды. Топтолгон жардамдын жалпы көлөмү 1,5 миллион сомдон ашат. Алардын баары Баткен областына жөнөтлд.  

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы жардам колун сунган бардык жарандарга, мекемелерге, ишкерлерибизге, депутаттарга чын ыкластан ыраазылык билдирет. Биздин районубуздун калкы дайыма айкөл, жардам колун сунууга даяр берешен экени мурдатан белгилүү. Бул мыкты сапаттарын район тургундары дагы бир жолу далилдешти.

Мындан ары элибизде, жерибизде дайыма тынчтык болсун!

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы.

2 года назад