Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОНДУК МЕДИКТЕР БИШКЕКТЕ ИШИН БАШТАШТЫ

Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык курч абалга байланыштуу өлкөнүн ар кайсы аймактарынан медицина кызматкерлери борбордогу кесиптештерине жардамга барышты. Максат – шаардагы абалды жакшыртуу жана жарандарга жардам көрсөтүү.

Бул маанилүү маселеде Базар-Коргон районундагы медицина кызматкерлери да четте калышкан жок. Тогуз медицина кызматкери кечээ баш калаабызга жөнөп кетишкен. Бүгүн алар ал жакта өз ишин башташты.

Бүгүн Базар-Коргон аймактык ооруканасында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада райондун жетекчиси Бакыт Козуев ошол Базар-Коргон районунан Бишкекке кетишкен медиктерге ыраазылык билдирип, аларга жакшы каалоолорун айтты.

-Алар - Бишкек шаарындагы биздин районубуздун жүзү. Аларга бекем ден соолукту, узак өмүрдү, иштериндеги ийгиликтерди каалайбыз. Жакшы иштеп, сак-саламат кайра бизге келип калышын тилейбиз, - деди Б. Козуев.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарына дарыгерлер Дехкандай уулу Сардар, Арабай уулу Батыр, Ормонов Иляз, мээрбан айымдар Эралиева Чолпон, Токтосунова Гүлжан, Абдубакасова Нулифар, кенже кызматкерлер Болушова Машрап, Калбердиева Чыныгүл, Бугимкулова Садат жөнөп кетишкен. 

3 года назад