Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОНДО КӨП КАБАТТУУ БЕШ ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ

Базар-Коргон районунун борборунда беш кабаттуу беш үйдүн курулушу башталды. Курулуш иштерин баштоо аземине район жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү катышып, үйдүн пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, Базар-Коргон айылынын Бекмамат Осмонов көчөсүнөн үй курулушу үчүн 1 гектар аянт бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн жер аянтында ар бири 32 батирлүү беш кабаттан турган беш үйдүн курулушу пландаштырылган. Бүгүнкү күндө “Айылкурулуш” ишканасынын күчү менен курулуш иштери башталды.

Учурда аняты 1900 чарчы метр келген 1-көп кабаттуу үйдүн пайдубалын куруу үчүн котлован казылып, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен капсула салынды. Аны быйылкы жылы бүтүрүп, пайдаланууга тапшыруу пландаштырылган. Үйдүн курулушунун орточо сметалык наркы 60 миллион сом. Ал эми турак жай курулуш ишканасынын капиталы менен курулуп, турак жай алуучулар батирдин акысынын 30 пайызын алдын ала төлөөгө тийиш. Калган сумма жеңилдик мөөнөттөрү (24 айга) жана шарттары менен кийин төлөнө берет.  

Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп, ага 30 адам тартылган. Ишке тартылган жумушчулардын орточо айлык акысы 15-20-миң сом. 

3 года назад