Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОН: ЖАРЫМ ЖЫЛДА ӨНӨР ЖАЙДА ӨСҮШ БОЛДУБУ?

DSC_0868

Быйылкы жарым жылдыкта өлкөдөгү таажы вирусунун жайылышынан улам келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан Базар-Коргон районундагы өнөр жай ишканаларынын аракети текке кеткен жок. Өткөн жылга жана божомол планга салыштырмалуу өнөр жай продукциялары көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Алынган маалыматтарга караганда, өткөн 2019-жылдын жылдын биринчи жарымында район боюнча 115 миллион 400,9 миң сомдук өнөр жай продукциялары өнүдүрүлүп алынган эле. Быйылкы жарым жылда 121 миллион 589,3 миң сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүү планы белгиленген. Ал эми иш жүзүндө райондо өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 192 миллион 820,7 миң сомду түздү.

Ошентип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77 миллион 419,8 миң сомдук, божомол планга салыштырмалуу 71 миллион 231,4 миң сомдук өнөр жай продукциялары көп өндүрүлүп алынды. Ал эми өсүү темпи өткөн жылга караганда 167,1 пайызга, божомол планга караганда 158,6 пайызга барабар болду. 

4 года назад