БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДА ЖАҢЫ 100 ОРУНДУУ ЖАНА 60 ОРУНДУУ БАЛДАР БАКЧАСЫ АЧЫЛДЫ.
Бүгүн 2021-жылдын
15-сентябрь күнү Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылында 100 орундуу "Ак-Кеме" балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди. Аталган иш-чарага
КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев,
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
Дж.М.Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин экс депутаты А.Масабиров жана мекеме, уюмдун
жетекчилери катышышты. Балдар бакчасынын курулушу Республикалык бюджеттен
каржыланып, сметалык баасы 24,7 млн сомду түзөт.
Ушул эле күнү Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында элдик салымдан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган 60 орундуу балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди. Балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 5,1 млн сомду түзөт.