Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОН: БЫЙЫЛ ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АРБЫН

БАЗАР-КОРГОН: БЫЙЫЛ ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АРБЫН
БАЗАР-КОРГОН: БЫЙЫЛ ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АРБЫН
БАЗАР-КОРГОН: БЫЙЫЛ ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АРБЫН
БАЗАР-КОРГОН: БЫЙЫЛ ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АРБЫН
БАЗАР-КОРГОН: БЫЙЫЛ ЖАШЫЛЧА ТҮШҮМҮ АРБЫН

Быйыл Базар-Коргон районунун аймагында жашылчанын түшүмү арбын алынууда. Өткөн жылдын ушул мезгилине караганда алынган түшүмдүн жалпы көлөмү миң тоннада ашып кетти. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Быйыл райондун фермер-дыйкандары 2417 гектар аянттагы жашылчанын түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу аракетинде. Түшумдүүлүгү да өткөн жылга салыштырмалуу жогору. Быйылкы 13-июлга карата 1658 гектардагы жашылчанын түшүмү жыйналып алынган жана ал жалпы аянттын 68 пайызын түзөт. Өткөн жылы ушул мезгилде 1603 гектар аянттагы түшүм жыйналып алынган эле, демек, быйыл 55 гектарга озуу бар.

Өткөн жылы ушул мезгилде жашылчанын ар гектарынан 239 центнерден түшүм алынса, быйыл анын көрсөткүчү 239,2 центнерди түздү. Башкача айтканда, өткөн жылы ушул кезде 38 миң 322 тонна жашылча түшүмү жыйналып алынса, быйыл 39 миң 660 тонна түшүм алынды. Демек, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1338 тонна жашылча көп алынган.

Учурда район аймагында жашылчанын түшүмүн жыйноо улантылууда. Дыйкандар быйыл кышка чейин экинчи түшүм алуу үчүн азыртан аракетти күчөтүштү. 

3 года назад