Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы

БАЗАР-КОРГОН: БАХЧА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ТҮШҮМҮ ЖЫЙНАЛУУДА

Базар-Коргон районунун дыйкандары Ноокен районунун дыйкандары сыяктуу эле бахча өсүмдүктөрүнө көп маани берип, быйыл да андан көбүрөөк түшүм жыйнап алуу үчүн аракет жасашууда. Быйыл 13-июлга карата алынган бахчанын түшүмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 тоннага көп болду. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, быйыл 13-июлга чейин бахча өсүмдүктөрү айдалган жалпы 449 гектар аянттын 164 гектары жыйналып алынган. Ошентип, жалпы аянттын 36 пайызында түшүм жыйналып алынды. Өткөн жылы ушул кезде жыйналып алынган аянт 163 гектарга барабар эле.

Ал эми түшүмдүүлүк жагынан өткөн жылга салыштырмалуу абал жаман эмес. Өткөн жылы ар гектар аянттан алынган түшүмдүүлүк 163 центнерди түзсө, быйыл ар гектарынан 164 центнерден алынды. Демек, ар гектарынан 100 килограммдан утук бар. Эгер алынган түшүмдүн дүң көлөмүн алсак, быйыл 13-июлга чейин жыйналган түшүм 3213 тоннаны түздү. Өткөн жылы ушул мезгилде жыйналган түшүм 3176 тоннага барабар эле, демек, быйыл 37 тонна түшүм көп алынды.

Эскерте кетсек, бахча өсүмдүктөрү райондун Акман, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Сейдикум, Кеңеш айыл аймактарында айдалат. Бишкек-Ош автоунаа жолунун эки бетинде, базарларда сатылып жаткан коон-дарбыздар ошол аймактардын дыйкандарынын эмгегинин жемиши эсептелет. 

3 месяца назад