Кирүү Катталуу

БАЗАР-КОРГОН: АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА АЛГА ЖЫЛЫШТАР БАЙКАЛДЫ

БАЗАР-КОРГОН: АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА АЛГА ЖЫЛЫШТАР БАЙКАЛДЫ
БАЗАР-КОРГОН: АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА АЛГА ЖЫЛЫШТАР БАЙКАЛДЫ
БАЗАР-КОРГОН: АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА АЛГА ЖЫЛЫШТАР БАЙКАЛДЫ
БАЗАР-КОРГОН: АЙЫЛ ЧАРБАСЫНДА АЛГА ЖЫЛЫШТАР БАЙКАЛДЫ

1.    Дүң продукциянын көлөмү артты

 

Быйылкы жарым жылдыкта район аймагындагы өндүрүлүп алынган айыл чарба продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине жана божомол планга карата кыйла көп. Буюрса, жыл аягына чейин да дыйкандар көп түшүм алышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан бидиришти.

Алынган маалыматтарга караганда, быйыл жарым жыл ичинде район аймагында 2 миллиард 56 миллион 460,7 миң сомдук айыл чарба продукциялары өндүрүлдү. Салыштыра келсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 1 миллиард 961 миллион 340,4 миң сомдук продукция өндүрүлгөн эле. Ал эми жарым жылда 1 миллиард 974 миллион 576,5 миң сомдук продукция өндүрүү каралган.

Натыйжада өткөн жылдын жарымына салыштырмалуу 95 миллион 120,3 миң сомдук, божомол планга карата 81 миллион 884,2 миң сомдук айыл чарба продукциялары көп өндүрүлүп алынды. Демек, райондо айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпи жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине карата 104,8 пайызга, божомол планга карата 104,1 пайызга барабар болду.

 

2.    Талаачылыктагы албан ийгилик

 

Райондун фермер-дыйкандары талаачылыкта аракеттерди арттырышып, арбын түшүм алууга жетишүүдө. Ошонун натыйжасында жарым жыл ичиндеги өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,8 пайызга, божомол планга салыштырмалуу 108,4 пайызга жогорулады.

Мисалга алсак, өткөн 2019-жылдын биринчи жарымында дыйкандар 686 миллион 304,4 миң сомдук түшүм жыйнап алышкан болчу. Ал эми быйыл жарым жылдык үчүн 688 миллион 931 миң сомдук түшүм жыйнап алуу планы белгиленген. Иш жүзүндө биринчи жарым жылдыкта 746 миллион 717,7 миң сомдук түшүм алынып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 60 миллион 413,3 миң сомго, божомол планга караганда 57 миллион 786,7 миң сомго көбүрөөк түшүм алынды.  

 

3.    Мал чарбасында да алга жылыштар бар

 

Райондун фермерлери колдо бар малдын продуктуулугун арттыруу менен көбүрөөк продукция өндүрүп алууга аракеттерди жасашууда. Мындай аракеттер быйыл жарым жыл ичинде өзүн актады жана өткөн жылдын ушул мезгилине жана божомол планга салыштырмалуу көп продукция өндүрүп алышты.

Алсак, быйылкы жарым жылдыкта продукция өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,7 пайызга, божомол  планга салыштырмалуу 101,8 пайызга жеткен. Тактап айтканда, быйыл жарым жылда район боюнча 1 миллиард 309 миллион 743 миң сомдук мал чарба продукциясы алынган. Салыштыра келсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 1 миллиард 275 миллион 36 миң сомго жеткен. Ал эми жарым жыл үчүн 1 миллиард 285 миллион 645 миң сомдук мал чарба продукциясын өндүрүү каралган эле.

Демек, быйылкы жарым жылда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34 миллион 707 миң сомдук, божомол планга салыштырмалуу 24 миллион 98 миң сомдук мал чарба продукциясы көп өндүрүлүп алынды. 

3 года назад