Кирүү Катталуу

АТЫ-ЖӨНҮҢӨРДҮ, ДАРЕГИҢЕРДИ ЖАЗГЫЛА!

DSC_0981

Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары!

Алыс-жууктагы мекендештер!

 

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы район тургундары менен түз алакаларын чыңдоо, кайчы байланыштарды бекемдөө, өз ара чогуу аракеттер менен район турмушун жакшыртуу максатында www.bazar-korgon.kg веб-сайтын уюштуруп, ишке киргизген. Калкыбыз районе аймагында болуп аткан иштер менен кенен кабардар болсун деген тилек менен жасалды. Ал жерден район акимине түз суроо жазып, жооп алууга, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө да аракет жасалат. Ошондуктан “Акимге суроо” рубрикасы иштеп жатат.

Буга чейин да тургундарды эскерткенбиз, дагы эскертебиз: район акимине суроо жазганда өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, дарегиңизди, телефон номерлерди жазууну унутпаңыздар. Район акими бул маселелер боюнча сиздер менен байланышып, маселе чечиши керек болуп калат. Андан сырткары, район акими тийиштүү кызматтарга тапшырма бергенде да сиздердин аты-жөнүңүздөр, дарегиңиздер жок болсо, кыйынчылык жаралат. Ошондуктан, биз мурда аты-жөнү жана дареги жазылбаган суроолорго жооп берилбестигин эскерткенбиз.

Тилекке каршы, дале болсо суроолор ушул маанилүү маалыматтарсыз жазылып жатат. Ошого байланыштуу жооптор да берилбей, маселе да чечилбей калууда. Жооп болбогон соң, тургундар нааразы болушууда.

Экинчиден, суроолор берилип, бирок жооп кечигип калганы тууралуу да жазып жатасыздар. Бирок, мында эске алуу керек: сиздер козгогон маселе дароо эле чечилип калбасы мүмкүн. Кайсы бир убакытты талап кылган иштер болот. Ошондуктан, ар бир берилген суроо район акими тарабынан кунт коюу менен каралат жана жооптор берилет.

Дагы бир эске алчу нерсе: район акими Фейсбук баракчаларында жазылган суроолорго жооп бере албайт. Себеби акимде социалдык тармактарда отуруп, тургундар менен жазышуу мүмкүнчүлүгү өтө аз, убакыт жетишпейт. Ошондуктан суроолор бир гана www.bazar-korgon.kg сайтындагы “Акимге суроо” рубрикасы аркылуу болот.

 

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы.  

3 года назад