Кирүү Катталуу

Арзан баадагы көмүр сатылууда

de4832a1-ae9e-4cd6-8743-48ed21ed90ce

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көмөгү менен Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуурусунда  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары, жеке ишкерлер аркылуу, районубуздун тургундарына арзан баада көмүрлөр алынып келип сатылууда. Күйүчү отун биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатылууда.  Ошондой  эле райондун тургундарына арзан баады көмүрлөр айыл аймактардын борборунда 1 кг 4 сомдон сатылууда. Райондун тургундарын кышка көмүр менен камсыздоо алдынкы күндөрү дагы улана бермекчи. Азыркы күнгө чейин 406,3 тонна көмүр алынып келип сатылган.

2 года назад