Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы

АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА

АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА
АРСТАНБАП КӨЙГӨЙҮ: БАЧЫМ АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА

Базар-Коргон районунун айрыкча төмөнкү зонасында эгин сугарганга суу жетишпей, дыйкандарга сыноо келсе, Арстанбап аймагында катуу жаан-мөндүрдөн кийин сел жүрүп, кыяла зыян алып келди. Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын жергиликтүү бөлүмдөрү, кызматтары, райондук бийликтер элге тезинен жардам көрсөтүү, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам аракеттерди башташкан. Биринчи кезекте, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү зарылдыгы турат.

Эске сала кетсек, 16-июль күнү жааган катуу жамгырдын кесепетинен болжол менен саат 15:00 чамасында  Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Арстанбап айылында кыйла көйгөйлөр жаралды:

-16 кожолукту сел каптап, алардын ичинен 4 кожолуктун турак үйүнүн ичине сел кирип, 2 турак үйдүн дубалын тешип кеткен, 12 кожолуктун короосун каптаган, 1 сарай кулап калган;

-жалпы 1200 метр ички чарбалык жолду сел калдыктары каптап, анын ичинен 200 метр жол жараксыз абалга келген, жол каттамы токтоп калган;

-Кызыл-Алма сайында 150 кожолук пайдаланган ички чарбалык автоунаа өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келген. Унаа каттамы үчүн 1500 метрлик айланма жол бар;

- жөө адамдар пайдаланган 2 көпүрө жараксыз абалга келген;

-Кызыл-Алма сайынын болжол менен 2500 метри таш-шагылга толуп калган;

- Чет-Жаңгак айылында Сарым-Салык сайындагы ички чарбалык автоунаа өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келген. Көпүрө 100 кожолукту тейлейт.  Унаа каттамы үчүн 3500 метрлик айланма жол бар;

-Сарым-Салык сайынын болжол менен 2000 метри таш-шагылга толуп калган.

Келип чыккан көйгөйлөрдүн кесепетин жоюу, айыл инфраструктурасын тезинен калыбына келтирүү максатында адам жана техникалык ресурстар тартылды. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн 26 куткаруучу, Арстанбап айыл аймагынан, жергиликтүү тургундардан 100 киши, Арстанбап айыл аймагынан 1 эксковатор, 1 автожүктөгүч,  1 автосамосвал ошол эле күнү ишке киришкен. ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан 500 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилди. Мындан сырткары, ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы МИТнан 1 экскватор каралып, Аксы районунан да техника тартылууда жана аны Арстанбап айылына жеткирүү аракеттери жасалды. ӨКМдин Жалал-Абад шаарындагы бөлүмүнөн каралган 1 автосамосвал бүгүн 17-июлда жумушту баштады.

Аткарылган иш-чаралар:ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закировдун жана райондук Жарандык коргонуу башчысы Бакыт Козуевдин жетекчилигинде жүрүүдө. Базар-Коргон району боюнча ӨКБнүн  ыкчам тобу жана айыл аймагынын жарандык коргонуу кызматы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, селдин кесепеттерин жою боюнча иш-чараны уюштурду.

Куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар турак-үйлөрдү, короолорду сел калдыктарынан тазалоо жумушун аткарып жатышат. Ичине сел кирген 4 турак үйдөн  3 турак үйүнүн ичи сел калдыктарынан тазаланды. Дубалдарын сел тешип, авариялык абалга келген 2 турак үйдөн буюмдар чыгарылып, тургундар туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү.

Жумушка тартылган 4 техника Кызыл-Алма жана Сарым-Салык сайларын, ички чарбалык жолдорду, кожолуктардын короолорун таш-шагылдан тазалоо жумушун да аткарышты. Кызыл-Алма сайында суунун нугун буруу жумушу аткарылып, 20 метрлик сай шагыл-таштан тазаланды. Сарым-Салык сайында да суунун нугун буруу жумушу аткарылып, 20 метр сай шагыл-таштан тазаланды.

Кечки саат 23:30да селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш-чара убактылуу токтотулду. Ал эми бүгүн 17-июлда селдин кесепеттерин жоюу, калкка жардам көрсөтүү иштери улантылып жатат.

Аткарылган иштер тууралуу район тургундарына маалымат жеткирилип турат.

 

Базар-Коргон өзгөчө кырдаалдар бөлүмү. 

3 месяца назад