Кирүү Катталуу

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ АРТТА КАЛБАДЫ

WhatsApp Image 2020-06-17 at 10.11.26

Быйыл жаз айларындагы өзгөчө кырдаалга карабастан райондун дыйкандары айыл чарбасында арбын продукция алууга жетишишти. Быйылкы январь-май айларында айыл чарба продукцияларынын өндүрүүнүн  божмол планга карата өсүү темпи 101,3 пайызга аткарылды.

Атап айтканда, январь-май айларында божомол план боюнча 1 миллиард 116 миллион 384,9 миң сомдук айыл чарба продукцияларын өндүрүү каралса, иш жүзүндө анын көлөмү 1 миллиард 131 миллион 374,6 миң сомго жеткен. Демек, божомол планга салыштырмалуу 14 миллион 989,7 миң сомдук продукция көп алынды.

Ушундай эле өсүү өткөн жылдын алгачкы беш айына карата да камсыз кылынды. Өткөн жылы алгачкы беш айда 1 миллиард 105 миллион 666,6 миң сомдук продукция алынган болчу. Демек, быйылкы өндүрүлгөн продукция өткөн жылга караганда 25 миллион 708 миң сомго көптүк кылды жана өсүү темпи 102,3 пайызга жетти.

Быйылкы беш айда камсыз кылынган бул өсүү негизинен мал чарбачылыгына туура келет. 

3 года назад