Кирүү Катталуу

2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Базар-Коргон районунун 2021-жылдагы жалпы ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылды. 2021-жылдын     21-январь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын жыйыны өтүп, анда “2021-жылдын жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы  жана  2022-жылга  милдеттер  жөнүндө” маселе каралды.

Коллегиянын жыйынын Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев алып барып, ага айыл өкмөт башчылары, шаардык мэрия жана мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча район башчысы-акимдин биринчи орун басары Эрмекбай Омошев  жана орун басары Асель Сансызбаева доклад жасап, өткөн жылдагы район аймагындагы аткарылган иштер, жаратылган ийгиликтер жана келип чыккан көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду. Ошондой эле жыл ичинде жакшы иштери менен көрүнгөн бир катар эмгек жамааттарына, айыл аймактарына сыйлыктар ыйгарылды.

Эң башкысы, быйылкы жылда ишти жакшыртуу жана алдыдагы милдеттерди толук кандуу ишке ашыруу боюнча кеп козголуп тапшырмалар берилди. 

2 года назад